• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Анкарада XXV өзгөчө кырдаалдагы журналистика окуусу ийгиликтүү аяктады

Коом 0

Анкара, 13.07.24. /Кабар/. Түркиянын борбору Анкарада XXV өзгөчө кырдаалдагы журналистика окуусу ийгиликтүү аяктады.

Уюштуруу тобу катышуучуларга сертификаттарды ыйгарып жатып, дүйнөдө тынчтык гана болушун тилеп, алган билимдин келечектеги жашоодо жакшы жагына гана пайдасы тие турганына ишеним артышты.

Аталган окуу 12 күнгө созулду. Бул аралыкта журналисттерге аба күчтөрүнүн жана деңиз күчтөрүнүн иши тааныштырылып, жарадар жарандарга алгачкы жардам көрсөтүү, өзгөчө кырдаалдарда кантип иштөө керек экендиги, кибер коопсуздук, газга каршы маска колдонуу, көздөн жаш агызуучу газ жана суу менен көпчүлүктү таратуу, качкындар лагерлеринде макала жасоо, кылмышкерлер тарабынан кол салуу учурунда коргонуу тактикалары, сүрөт тартуунун негиздери, сууда сүзүү ыкмалары, ар кандай шарттарда унаа башкаруу, шарты жок жерде жан сактоо, эвакуация иштери, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана андан сактануу, психологиялык жардам жана башка ушул сыяктуулар үйрөтүлдү.

Өзгөчө кырдаалдагы журналистика окуусуна Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Ирак, Азербайжан, Кипр, Тажикстан, Косово, Грузия сыяктуу мамлекеттен 25 жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери катышты.

Иш-чара Анадолу маалымат агенттиги, TİKA (түрк кызматташтык жана координация агенттиги) жана Түркия полиция академиясы биргеликте уюштурулду.
Буга чейин атайын окуудан ар кайсы өлкөлөрдөн 533 журналист билим алып, тажрыйбасын жогорулаткан.

Пикир

Оставить комментарий