Анкарадан Бишкекке жаңы авиакаттам ачуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 26.05.23. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ААК түркиялык AnadoluJet авиакомпаниясы менен биргеликте 2023-жылдын 3-июнунан тарта Анкара–Бишкек–Анкара багыты боюнча жаңы каттам ачууну пландоодо.

«Манас» аэропортунан кабарлашкандай, Түркиянын борборуна аба каттамдар жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт. Ал эми 2023-жылдын август айынан баштап каттамдар күн сайын аткарыла баштайт.

AnadoluJet лоукостери Turkish Airlines авиакомпаниясынын туунду компаниясы.

Пикир

Оставить комментарий