Конституциялык соттун төрагасы Самаркандда өткөн эл аралык конференцияга катышты

Коом 0

Бишкек, 26.05.23. /Кабар/. Конституциялык соттун төрагасы Эмил Осконбаев "Борбордук Азия өлкөлөрүндө конституциялык даттануу институтунун моделдерин өнүктүрүү тенденциясы" темасына арналган Эл аралык конференцияга катышты.

Конституциялык соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чара 25-26-майда Өзбекстандын Самарканд шаарында өттү.

Соттон белгилешкендей, конференция Борбордук Азияда конституциялык даттануу институтун өнүктүрүү жана өркүндөтүү менен байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулоо жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болду.

Иш-чара Конституциялык контролдоо органдарынын судьяларын, ошондой эле Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Австрия, Франция, Босния жана Герцеговинанын, ошондой эле Европа Биримдиги жана Укук аркылуу демократия үчүн Европа Комиссиясы (Венеция комиссиясы) сыяктуу эл аралык уюмдардын алдыңкы эксперттерин чогултту.

Эмил Осконбаев конференцияда "Кыргызстандагы конституциялык даттануу институту: тажрыйба жана көйгөйлөр" темасында баяндама жасады.

Өз сөзүндө, ал өлкөнүн конституциялык контролдоо органынын жарандардын конституциялык укуктарын коргоого багытталган кайрылууларын кароо боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий