• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Антонина Шевченко Lion Fight версиясы боюнча дүйнө чемпиону бойдон калат

Спорт 0

Бишкек, 3-март /Кабар/. КРнын Тай бокс федерациясынын спортчусу дүйнө чемпиону Антонина Шевченко Lion Fight версиясы боюнча дүйнө чемпиону бойдон калды. Бул тууралуу КРнын Тай бокс федерациясы билдирди.

Белгиленгендей, 2017-жылдын 3-мартында Антонина Шевченконун Lion Fight версиясы боюнча дүйнө чемпиону титулун коргоо үчүн таймашы болмок. Бирок, титулду коргоо болгон жок. “Башынан эле бул таймашка эки спортчу көрсөтүлүп жаткан. Алгач Антонинанын атаандашы Нидерланддан Алейде Лавант болмок. Жаракатынан улам атаандашы алмашып, француз спортчусу Магали Форони мүмкүнчүлүк алган. Бирок, турнирге 2 күн калганда француз спортчусу Коннектикут штатынын медициналык комиссиясынан өтпөй калгандыктан, таймаш болбой калды”, - деп түшүндүрүштү федерациядан.

Антонинанын машыктыруучусу Павел Федотовдун айтымында, мындай жагдай анын шакирти үчүн жагымсыз болду. Бул таймаш үчүн спарринг, салмак азайтуу сыяктуу албан иштер аткарылган. Антонина рингге чыгып Lion Fight чемпиондугун коргоого толук даяр турган.

Эскерте кетсек, А.Шевченконун титулдук таймашы АКШ, Канада, Европа, Африка жана Жакынкы Чыгышта AXS TV Fights телеканалында онлайн түрүндө, Fight Network интернет аркылуу көрсөтүлүүчү негизги беттештердин бири болмок. Учурда титул үчүн күрөшкөн эч ким болбогондуктан Антонина Lion Fight версиясы боюнча чемпион бойдон калды. Азыркы тапта Кыргызстандын Тай бокс федерациясынын алдыңкы эки спортчусу Антонина жана Валентина Шевченколор кийинки таймаштары кайсыл күнгө белгиленээрин күтүп турушат.

Пикир

Оставить комментарий