• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

ӨКМ атайын эсептеги каражатты өзүнүн чыгымдарын жабуу үчүн колдонбойт

Коом 0

Бишкек, 3-март /Кабар/. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектин жанында “Боинг-747” учагынын кыйроосунан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсептеги каражаттан колдонбойт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

3-март саат 11:00го карата атайын эсепке 94 млн 886 миң 469 сом түштү.

“Социалдык тармактарда КР ӨКМ Дача-СУ айылындагы учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсептеги каражаттан өзүнүн чыгымдарын жабуу үчүн 9 млн сом колдонгон деген маалыматтар тараган. КР ӨКМ мындай маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирет”,-деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, КР ӨКМнын атайын эсебине түшүп жаткан каражат аталган эсептин ачык турганына байланыштуу колдонууга болбойт. “КР ӨКМ кесепеттерди жоюу иш-чараларын жүргүзүү үчүн аталган каражатты колдонгон жок жана колдонбойт”,-деди ӨКМ.

Акча каражаты жеке жактардан, мамлекеттик органдардан, фонд, ассоциациялардан, эл аралык уюмдардан,чет жөлкөлөрдө жашап жатышкан жарандардан түшүп жатат. ӨКМнын атайын эсебине түшүп жаткан каражат башка максатта маморгандар же башка жактар тарабынан колдонулбайт.

Бул эсептеги каражатты бөлүү менен Өкмөттүк комиссия алектенет, анын курамына ошол учак кырсыгынан жабыркагандар дагы кирет.

Пикир

Оставить комментарий