• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Apple компаниясы iPhone телефондорун өндүрүүнү кыскартты

Дүйнө 0

Бишкек, 10.01.19 /Кабар/. Америкалык Apple концерни iPhone XS, XS Max жана XR аттуу акыркы маркадагы уюлдук телефондорду өндүрүүнү кыскартты.

Бул кадам Кытайда iPhone телефондорун сатып алууну каалагандардын саны азайганына байланыштуу болду, деп жазат Nikkei Asian Review.

2019-жылдын январь айынан март айына чейин компанияга уюлдук телефон алууга буйрук бергендердин саны пландан 10% азайган.

Apple компаниясы бул маалымат боюнча азырынча үн кага элек.

Маалыматка ылайык, Apple Кытайда өз товарын сатууда кыйынчылыктарды көрүүдө. АКШ менен болгон соода тирешине байланыштуу кытайлыктар iPhone жаңы үлгүдөгү телефондорун алуудан баш тартып, ушул эле марканын мурун алган телефондорун колдонууну улантууда.

Canalys институтунун изилдөөлөрүнө таянсак, 2018-жылы Apple компаниясы Кытайга саткан смартфондорунун көлөмү 12 пайызга кыскарган.

Пикир

Оставить комментарий