• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Forbes: Кыргызстан бизнестин жагымдуулугу боюнча 15 баскычка көтөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 10.01.18. /Кабар/. Кыргызстан эки жыл ичинде абройлуу Forbes журналынын бизнес үчүн жагымдуулук рейтингинде 123-орундан 108-орунга чыгып, абалын жакшыртты.

Кыргызстан Doing Business рейтингинде 77-орундан 70-орунга чыккан.

Андан тышкары, Экономика министри Олег Панкратов билдиргендей, Дүйнөлүк Банктын отчетуна ылайык Кыргызстан "Төлөө жөндөмсүздүгүнүн чечилиши" көрсөткүчүндө 82-орунга (+37), "Эл аралык соода" - 70 (+14), "Миноритардык инвесторду коргоо" - 38 (+13) жана "Контракттарды аткарууну камсыздоо" боюнча 131-орунга (+8) чыгып көрсөткүчтөрүн жакшырта алган.

Муну баары эл аралык эксперттердин Кыргызстанды баалоосуна оң таасирин тийгизген.

Пикир

Оставить комментарий