• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Апта: Атамбаевдин кармалышы, Солтон-Сарыдагы жаңжал, ЕАЭБдин Чолпон-Атадагы жыйыны

Аналитика 0

Бул аптада өлкө ичинде бир катар олуттуу окуялар болуп өттү. Жума Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосундагы жергиликтүү кыргыз жарандары менен ошол жерде кен казуу жеринде иштеп жүргөн кытайлык жарандардын ортосундагы чыр менен башталып, мурунку президент А.Атамбаевди кармоого багытталган иш-чара анын тарапташтары менен укук-коргоо органдарынын ортосундагы кагылышуу жана өлкөдө түзүлгөн оор кырдаал менен аяктады. Өлкөдөгү бул жаңылыктар кыргыз коомчулугунун гана эмес, чет өлкөлөрдүн да көңүлүн бурду. Эми ар бирине токтолсок...

Атамбаевдин кармалышы

7-август күнү кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоого багытталган атайын операциянын жүрүшүндө күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында 46 жаштагы атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган. Чүй облустук милициянын жетекчиси Самат Курманкулов башынан жаракат алып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Атамбаевдин тарапташтары болсо атайын даярдыктагы 6 аскерди кармап алышкан.

Чүй облустук милиция башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкуловдун абалы оорлоп ага эки операция жасалган.

Анын эртеси күнү Кош-Таш айлындагы кырдаалды талкуулоо үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз отурумга да чогулушту.

Жыйынга КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, КР Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабдын башчысы Райымбердик Дүйшөнбиевдер да катышкан.

Парламентте түзүлгөн кырдаал жана кийинки жасалуучу кадамдар кенен талкууланган.

Президент өзүнүн сөзүндө, Атамбаев тарабынан ок атуучу курал колдонулганына карабай, атайын күчтөр аягына чейин ок чыгарган жок деген.

Мамлекет башчысы абалды курчутпоого чаралар көрүлгөнүн өзгөчө белгилеп, «Кан төгүлбөсүн деп желим ок колдонулду. Бийликтин кадыр-баркы төгүлсө да, мекендештерибиздин каны төгүлбөсүн дедик», — деп баса белгилеген.

Президент айтылган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөр сөзсүз түрдө жазага тартыларын айткан. «Кечээге чейин Атамбаев тергөөгө күбө катары чакырылып келсе, эми ал оор кылмышка шектүү катары чакырылат. Өлкөдө мыйзамдуулукту, тынчтыкты, коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чаралар аткарылат», — деп кошумчалаган.

Ал эми УКМК ушул тапта чагымчыл аракеттердин алдын алуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жаткандыгын айтып, чагымчыл билдирүүлөрдү тараткандарга расмий эскертүү бере тургандыгын жар салды.

8-август болжол менен саат 20:00дө ИИМ Атамбаев кармалды деген маалыматты ырастаган.

“Мажбурлап алып келүү боюнча биргелешкен иш-аракеттердин натыйжасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалды”, - деп ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 8-августунда милиция кызматкерлери КР УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-аракеттердин жыйынтыгында Атамбаев А.Ш., кармалган.

Ыкчам-тергөө иш-чарасын жүргүзүүдөн эч ким каза болгон жок.

Атайын операцияны ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев жана анын орун басары, милициянын полковниги Алмаз Орозалиев жеринде жетектешкен.

Ал эми Кой-Таштагы окуядан каза болгон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) "Альфа" түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбековдун сөөгү жерге берилип, өлгөндөн кийин полковник наамы ыйгарылды.

Кармалган Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралып, 26-августка чейин камакка алынган.

Солтон-Сарыдагы жаңжал

2019-жылдын 5-август күнү Солтон-Сарыдагы кен чыккан жерге Нарын районунун айылдарынын жашоочулары чогулуп, алтын кен чыккан жердеги кытай ишканасынын ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө талаптарын билдиришкен. Чогулгандардын саны 300гө жакын болгон. Кийинчерээк жергиликтүү тургундар менен кытай ишканасынын жумушчуларынын ортосунда чыр-чатак чыккан. Эки тарап тең бири-бирине таш ыргытып, жыйынтыгында жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилген.

Жаңжалдын жыйынтыгында, Zhong Ji Mining Company кытайлык компаниянын кызматкерлери жана техника Солтон-Сары кенинин аймагынан чыгарылды.

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Нарын аймактык башкармалыгынын башчысы Улан Жанбаев билдиргендей, чет элдик компаниянын жумушчулары 10 Howo жүк ташуучу унаасын компаниянын төмөнкү лагерине түшүрүшкөн. Кендин аймагында милиция кызматкерлеринен башка эч ким калган жок.

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү токтотулгандыгын кабарлаган.

Чечим КРнын өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцисынын тиешелүү корутундусунун негизинде кабыл алынган.

Социалдык тармактарда эл Солтон-Сарыдагы чырга байланыштуу жолду жабууну көздөшүүдө деген билдирүүлөр тараган. Ал эми КРнын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бул маалыматты четке кагып, жол жабылбай тургандыгын баса белгилеген.

Курман айт

Кыргызстанда Курман айт 11-августта белгиленет.

Курман айт намазы Бишкек шаарынын эски аянтында окулат. Айт намаз күнү дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылмакчы.

ЕАӨКтин жыйыны

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын «Рух Ордо» маданий борборунда 9-август күнү Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өттү.

Иш-чарага Армениянын премьер-министри - Никол Пашинян, Беларусь Республикасы - Сергей Румас, Казакстан - Аскар Мамин, Кыргызстан - Мухаммедкалый Абылгазиев жана Россия - Дмитрий Медведевдер катышты.

КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл көлүнүн жээгинде жыйындын катышуучулары менен саламдашып, Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө Макулдашууга кол коюлушунун 5 жылдыгына жана евразия интеграциясы идеясынын 25 жылдыгына байланыштуу биримдиктин мааракелик жылы менен куттуктады.

«Евразия интеграциясы Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык саясатында артыкчылыктуу багыт болуп саналат жана ошол бойдон калат КР ЕАЭБге киргени олуттуу, анын ичинде соода-экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдө оңдуу натыйжалар жетишилгенин белгилей кетүү керек. Бажы, санитардык жана фитосанитардык көзөмөлдү алып салуу түрүндөгү бизнести өнүктүрүүнү өбөлгөлөө үчүн жаңы шарттар пайда болду. Бажы чек арасы жок шартта товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кыймылына өбөлгө түзүлүүдө. Атамекендик ишкерлер ЕАЭБ жалпы аянтында өнүктүрүү жана активдүү атаандаштык мүмкүнчүлүгүн алышты. ЕАЭБ аянтында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ветеринардык көзөмөл тутумунун эквиваленттүүлүгүн таануу боюнча чечим соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө мүмкүндүк жана кошумча дем берди», - деди М. Абылгазиев.

Премьер-министр билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 5 айында КРнын ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрү менен соода жүгүртүүсү 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5% өскөн.

2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында ички дүң продукция оң динамика көрсөтүп, 6,4% өстү. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 1-жарым жылдыгында өнөр жайдын 20% өсүүсү байкалган.

Биримдиктин башкы максаттарынын бири товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын биримдиктүү рыногун түзүүгө умтулуусу, бул бизди Биримдиктин максаттарына жетишине терс таасир бере турган чаралардан карманууга милдеттендирет.

Жыйындын жыйынтыгында 12 келишимге кол коюлду.

Премьер-министрлердин кийинки отуруму Москва шаарында, ал эми ЕАЭБ өлкө башчыларынын отуруму 1-октябрь күнү Арменияда өтөт.

Евразиялык экономикалык бирикменин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн премьер-министрлери Чолпон-Атада өткөн жыйындын жүрүшүндө биримдиктин 25 жылдыгына арналып почта кызматтары тарабынан чыгарылган маркаларга кол тамгаларын калтырышты.

Маркалар евразиялык интеграция идеясынын 25 жылдыгына арналган.

Президент С.Жээнбеков ЕАЭБ Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин делегация башчылары менен жолугушту

«Бул мезгилдин ичинде ЕврАзЭБ күчтүү жана натыйжалуу интеграциялык бирикме болуп калды. Товарларды, кызмат көрсөтүүнү, капиталды жана жумушчу күчтү жүгүртүүнүн эркиндигин ишке ашыруу боюнча биргелешкен чаралар көрүлүп жатат. Акырындап өз ара жана тышкы соода-сатыктын көлөмү өсүүдө. Биримдик боюнча ИДПнын өсүшү 2018-жылы жалпысынан 2,5% түздү», — деп белгиледи Жээнбеков.

Президент жыйындын күн тартиби актуалдуу экенин белгиледи. Бүгүн кабыл алынуучу чечимдер ЕврАзЭБ максаттарын практика жүзүндө ишке ашырууга кошумча дем берет, деди.

Пикир

Оставить комментарий