• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 06-11.08.2018

Аналитика 0

Бизнес жабыркабайт. Сатуудан алынган салыкты 2ден 5 пайызга чейин жогорулатуу демилгеси чакан жана орто бизнес менен алектенген ишкерлерге тиешеси жок. Негизги аудитория ири соода ишканаларына тиешелүү болуп саналат.

КР экономика министри Олег Панкратов ведомство тарабынан сунушталып жаткан сунуш тууралуу айтып жатып билдиргендей, өлкөдө чакан жана орто бизнес өзгөчө салык режиминде иштейт – бул патент же болбосо бирдиктүү салык төлөө.

“Аталган өзгөрүүнүн мыйзамга эч кандай тиешеси жок. Ал жакта биздин эч нерсебиз өзгөрбөйт. Региондордо келе турган болсок, бул жерде инфраструктура болуп жаткан өзгөрүүлөргө жетишпей жаткандыгын түшүнөбүз. Бул мыйзам долбоорду аягына чейин иштеп чыгуу жараянынын жүрүшүндө бул жагдай тигил же бул региондун техникалык жабдылышына карап, кайрадан каралып чыгат. Бул нерселер жөнгө салынат”, - деп министр коомчулук тарабынан айтылган негизги нааразычылыктардын себебин түшүндүрдү.

2 эсе жогорулатуу. Экономиканын көмүскө секторунун 50 пайызынын жарыкка чыгышы ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмүнүн бат темпте өсүшүн камсыздайт. КР экономика министри Олег Панкратов сатуудан алынган салыкты 2ден 5 пайызга чейин жогорулатуу демилгесин түшүндүрүп жатып аталган мыйзам долбоору өлкөнүн ИДПсына кандай таасирин тийгизе тургандыгын айтып берди.

Министрдин айтуусунда, Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштун башкы максаты – салыктык келип түшүүлөрдү көбөйтүү эмес, тескерисинче көмүскө экономиканы кыскартуу.

“Мамлекет салык жүгүн азайтуу үчүн иштеп жатат. 2015-жылы сатып алуудан 7,5 миллиард сом салык жыйнаганбыз. Бул салыкты жокко чыгаргандан кийин 4 миллиард сом топтодук. Биздин милдетибиз ушул салыктын түшүшүн көбөйтпөө. Биздин милдетибиз – бул салыктын нөлдө болушу”, - деп билдирди Панкратов.

Кепилдик фонду. Кыргызстандын Улуттук банкы “Кепилдик фонд” Ачык акционердик коомунун уюштуруучуларынын бири болуп калышы ыктымал.

Кыргызстанда кепилдик системасынын өнүгүшүнө импульс берүү үчүн жана чакан жана орто ишкерликти колдоодо “Кепилдик фонду” ААКнын мумкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында КР парламентинин депутаттары кошумча капитал жүргүзүү жана фонддун активдерин жогорулатууну сунушташты.

Ага байланыштуу КР Улуттук банкына “КФ” Ачык акционердик коомунун капиталына кириши жөнүндө маселе сунушталган.

Азыркы учурда КР өкмөтү жана КР УБ тарабынан парламент комитети сунуштаган сунушту жүзөгө ашыруу үчүн конкреттүү кадамдар жасалууда. Алсак, 2018-жылдын 25-июнунда өкмөттүн токтомуна ылайык, “Кепилдик фонду” ААКнын уставдык капиталы 300 млн сомго көбөйтүлдү. 100 млн. сомдон алгачкы эки транш фонддун эсебине түштү.

Инвесторду издөө. “Макмалалтын” комбинатынын кенин иштетүүгө инвесторду тандоо боюнча сынакты 2018-жылдын аягына чейин өткөрүү пландалууда. “Кыргызалтын” ААКнын билдирүүсүнө ылайык, атайын ведомство аралык комиссия түзүп, анын курамына тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүн, 5 айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүн жана Тогуз-Торо районунун акимин кошуу сунушталууда.

“Кыргызалтындын” филиалы “Макмалалтын” Жалал-Абад облусунун калкы 22 миңге жакын Тогуз-Торо районунун бюджетти түзүүчү жалгыз ишканасы болуп эсептелет.

Экономика көмүскөдө. Кыргызстандын экономикасынын дээрлик 40% көмүскөдө калууда. КР экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 2006-жылы көмүскө экономиканын деңгээли 53% деңгээлде экендиги аныкталган, акыркы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 2012-жылда көрсөткүч ИДПга карата 39 пайызды түзгөн.

Аны менен бирге КР Улуттук статистика комитетинин билдирүүсүнө ылайык, 2015-жылда экономиканын көзөмөлдөнбөгөн секторунун деңгээли 23,8% болгон.

Жоюу. Натыйжасыз мамлекеттик ишканалар жоюлушу керек же ишенимдүү бизнестин башкаруусуна өткөрүлүп берилиши керек.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, мамлекеттик менчикти башкаруу принциптерине өзгөртүүлөрдү киргизүү иштерин улантуу зарыл.

“Мамлекеттик менчиктеги мүлк калктын кызыкчылыгы үчүн иштеп, киреше алып келиши керек. Учурда мамлекеттик менчиктин саны көп болгону менен, ондогон гана ишканалар рентабелдүү иштеп жана жакшы натыйжаларды көрсөтүп жатышат. Натыйжасыз мамлекеттик ишканалар жоюлуп же ишмердигинин кайтарымын жогорулата турган бизнес өкүлдөрүнө ишенимдүү башкарууга берилиши керек”, - деди Абылгазиев.

Даттануулар. КР Мамлекеттик салык кызматына 2018-жылдын 6 айында жарандардан жана жеке жактардан 100 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн. Алардын ичинен электрондук почта аркылуу – 15, кат түрүндө – 64, “ишеним телефонуна” – 15 жана ЖМК аркылуу – 6.

КР МСКнын маалыматы боюнча, 100 кайрылуунун 50сү салык орган кызматкерлеринин ар кандай иш-аракеттери, 9 - салыктык укук бузууларды жасаган төлөөчүлөр, 41 – ар кандай башка маселелер боюнча.

Бардык билдирүүлөр КР мыйзамына ылайык каралган.

Сом бекемделди. 2018-жылдын 6 айында сомдун курсу 0,6 пайызга бекемделди. КР Улуттук банктын 2018-жылдын I кварталындагы отчетунун жыйынтыгы боюнча, ички валюта рыногунда салыштырмалуу туруктуу абал байкалган.

Отчёттук кварталдын биринчи жарымындагы термелүүлөрдөн кийин сомдун алмаштыруу курсу анын экинчи жарымы боюнча туруктуу бойдон калган. Улуттук банк алмаштыруу курсунун кескин термелүүлөрүн жөнгө салуу максатында чет өлкөнүн валютасын сатуу жана сатып алуу боюнча интервенцияларды өткөргөн. Анын таза сатып алуусунун көлөмү 15,2 миллион долларды түзгөн.

Мигранттардын акчасы. 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында мигранттар которгон акча каражаты 1 млрд. 228,8 млн. АКШ долларын түзгөн. Кыргызстандын Улуттук банкынын эсеби боюнча, которулган акча каражаттарынын ичинен 1 млрд. 207,3 миллион АКШ доллары КМШ өлкөлөрүнөн келген. Алсак, Казакстандан 1,6 млн. доллар, Россия – 1 млрд. 205,9 млн. Алыскы чет өлкөлөрдөн – 21,3 млн. доллар, АКШдан 11,8 млн.

Кыргызстандан 238,4 миллион доллар которулган.

ИДП. Үстүбүздөгү жылдын 7 айында экономиканын өсүшүнүн темпи басаңдагандыгы байкалган. Алсак, ички дүң продукциясынын көлөмү 2018-жылдын январь-июль айларында болжолдуу баага ылайык, 261 млрд. сомду түзгөн, КР Улуттук статистикалык комитети билдиргендей 0,2% төмөндөгөн. Былтыркы жылдын ушул мезгилинде ИПДнын өсүшү 6,2% түзгөн.

“Кызмат көрсөтүү – 47%, өнөр-жай үлүшү – 20%, айыл-чарба – 10,2%, курулушу – 6,4% түзгөн. “Кумтөрдү” эске албаганда ИДПнын көлөмү 2018-жылдын январь-июлунда 236 млрд. сомдон ашун же болбосо 2,2% өскөн”, - деп айтылат КР Улуттук статистика комитетинин маалыматында.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий