Коомчулукта “Ким маалыматка ээ болсо, ал дүйнөнү башкарат” деп көп айтылып келет. Бүгүнкү күндө баардык маалыматтан кабардар болуу – бул замандын талабы. Эгер сиздер кандайдыр себептер менен кээ бир жаңылыктарды өткөрүп жиберген болсоңуздар, анда биз сиздерге ар жумалык “Апта” рубрикабызда эң актуалдуу жаңылыктардын жыйнагын тартуулайбыз..
КТРКнын жетекчисинин “креслосу” үчүн таймаш
Кыргызстандын карегиндей болгон коомдук телерадиокорпарациясы башынан абдан маанилүү күндөрдү өткөрүүдө. Бул учурда КТРКнын мурунку директору Илим Карыпбековдун кызмат мөөнөтү аяктап, азыр жаңы башчыны тандоо иш-чаралары өтүүдө. КТРКга татыктуу директор болом дегендердин саны, жамгырдан кийинки козу карындай өсүп, 22ге жеткен. Документин тапшыргандардын ичинен үчөөнүкү туура эмес болуп, алар сынактан четтетилген. Ал эми калган 19 талапкер шайлоонун экинчи этабына өткөн. Бул кызматты ээлейм дегендердин ичинде көрүнүктүү элге таанымал болгон Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу, НТС телеканалынын директору Жайнак Үсөн уулу, активист Адиль Турдукулов жана журналист Галина Байтерек аттуу инсандар бар. Жада калса экинчи ирет КТРКнын жетекчиси кызматына барбайм деп буга чейин убада берген Илим Карыпбеков да өз талапкерлигин коюп, ат салышууда.
Бул кызматка жетекчи 4 жылга дайындалат. Шайлоо үч этапта өтөт. Мыйзамга жараша КТРКнын директорун байкоочу кеңеш жабык добуш берүү жолу менен тандайт.
Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын курамында учурда алты телеканал бар. Азыркы тапта “Коомдук биринчи канал”, “КТРК Музыка”, “Маданият-Тарых-Тил”, “Баластан”, “КТРК Спорт” жана “Ала-Тоо 24” обого чыгууда. Ошондой эле, КТРКнын Кыргыз радио бирикмесинде “Биринчи радио”, “Кыргыз радиосу”, “Миң кыял”, “Достук”, "Балдар FM" радиолору иштейт.
Оштогу жасалма жумурткалар
Социалдык түйүндөрдө өзгөчө WhatsApp тиркемеси аркылуу коомго “Ошто жасалма жумурткалар пайда болуптур, абайлаңыздар!” деген видео кеңири тарап, элдерди арасында чуу салды. Ал видеодо "Базардан жумуртка сатып алып, кайнатсак ичи резина болуп чыкты. Видео 16-февралда тартылган", - деп билдирет роликтин автору.
Видеодо жасалма жумуртканын кадимки жумурткадан эч кандай айырмасы жок экендиги көрүнөт.
Коомчулукта бул жаңылык чуу салып, элдер бул кытайдын кылганы деп соцтармактарда пикир калтырган. Ал эми мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу инспекциясы бул окуя боюнча түшүндүрмө берген.
“Кыргызстанда эч кандай жасалма жумурткалар сатылбайт. Ош шаарынын Урматбек аттуу жашоочусу сатып алган жумурткалар Ысык-Көл облусунан алынып келинген. Оштогу 17 жерде сатылып жаткан жумурткалардын баардыгы изилденип чыкты. Алардын баардыгы табигый жумурткалар экендиги тастыкталды”, - деп баса белгиледи мамветинспекциянын директору Калысбек Жумаканов.
Ветинспекциянын адистери журналисттерди Ысык-Көл облусундагы тоок фабрикаларынын бирине алып барып, жумуртканын сактоо шарты бузулган учурда анын сарысы резинка сыяктуу болуп калаарын көрсөтүштү.
Адистер жумуртканы жасоо мүмкүн эмес, анткени кабыгы менен белоктун ортосундагы чел кабыкты эч ким эч качан жасай албайт, дешкен.
Жумурткалар менен болгон ызы-чуу кичине басаңдаса, Казакстан Кыргызстандан барган картошкага тыюу салган.
Казакстандын Айыл чарба министрлиги 19-февралдан тарта Кыргызстанда өндүрүлгөн картошканы Казакстандын аймагына киргизүүгө убактылуу тыюу салынгандыгын кабарлашты.
Мындан тышкары, Казакстан өзүнүн аймагына Кыргызстандан алма жана курма киргизүүнү да токтоткон. Бул жемиштерде Комстока куртунун табылышы себеп болгон.
“Кыргызстандан келген картошкада акыркы учурда алтын түстүү нематода (золотистая нематода) курту көп кездешип атат”, - деп билдиришти.
2018-жылы жана 2019-жылдын январь-февраль айында Казакстанга Кыргызстандан келген продукцияны кароодо 465 жолу фитосанитардык талаптарды бузуу катталган, анын ичинен 59 жолу курттаган продукция аныкталган.
Ал эми КРнын айыл-чарба, тамак өнөр жай жана мелиорация министрлиги казак тараптан эч кандай расмий билдирүү бул боюнча келген эмес, деген. “Биз картошкага тыйу салуу боюнча эч кандай кагаз алган жокпуз”, - деп билдиришкен.
Андан тышкары министрлик быйыл дыйкандарга чечевица, гречка, соя сындуу дан азыктарын айдоо кыйла пайдалуу болоорун айтып, ошолорду эгүүнү сунуштаган. Анткени дүйнөлүк рынокто пахтанын баасы өсө баштады, ошондон улам, быйыл пахта айдоо аянты 2200 гектарга көбөйтүлдү. Темекинин аянты да 1 миӊ гектарга көбөйгөнү турат. Ал эми картошканын аянты 3200 гектарга азаят, анткени өткөн жылы Казакстан менен Россияда анын түшүмдүүлүгү жогору болгондуктан, баасы төмөндөп кеткендигин айтылган.
Эске сала кетсек, айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 2017-жылы 83,2 гектар аянтка картошка эгилген. Ал эми 2018-жылы бул азык 84,5 миң гектарды ээлеген. Үрөөндүн жалпы көлөмү 1,5 млн. тоннаны түзгөн. Кыргызстандын өзүнүн ички муктаждыгы 800-900 миң тоннаны түзөт. Ал эми калган 600 миң тонна картошка Өзбекстанга сатылмак. Анткени, министрлик Өзбекстан менен картошка сатуу боюнча келишимге кол коюлгандыгы жөнүндө маалымдап, дыйкандарды картошканы көп эгүүгө чакырган. Жыйынтыгында Өзбекстан кыргыз картошкасын киргизүүгө тыйу салып, дыйкандар азыгын 5 сомдон сатканы сатып, көбү сактоого жайы жок бузулуп кеткен.
Түрк мугалими мектеп окуучуларына ыдык көрсөткөн
Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Ирина Карамушкина Жал кичи районундагы түрк мектебинде окуган балдардын ата-энелери кайрылганын билдирди.
Анын айтымында, ошол мектепте окуган балдардын бири мектепке баргандан баш тартып, корккондугун айткан. Ата-энеси психологдорго кайрылып, бала психологго мектептин директору Амир Айдын балдарды иш бөлмөсүнө киргизип, өзүнүн жана алардын шымын чечтиргенин айткан. Андан тышкары ал балдарды жаратылышка да чыгарып жүргөн экен. Ошондой эле анын айтымында, бала мунун баарын айтып салганы үчүн директор аны мектептен чыгарып жиберген.
Депутат кабарлагандай, ал мектеп 20 жылдан бери лицензиясыз иштейт, себеби мектептин директору Амир Айдын айткандай аларды бирөө "коргоого алган". Ата-энелер Билим берүү министрлигине кайрылганда, алар андай мектеп бар экенин билбегени аныкталган.
Бул мектептин мугалимдеринин баары Түркиянын жарандары болгондуктан алар элчиликке кайрылып, директор эмне кылып жатканын айтуудан коркушкан, деген депутат.
"Ошондо анын апасы Ленин районунун милиция кызматкерлери менен бирге мектепке барган. Милиция мектеп Кыргызстандын аймагында экенин айтып туруп алганына чейин аларды киргизбей турушкан. Ал мектепте 200дөн ашык кыргыз балдары окушат. Алардын көпчүлүгү аз камсыз болгон үй-бүлөдөн болушат. Ошондуктан директор кыйынсынып, балдардын ата-энелерин КРнын жарандыгынан баш тартып Түркиянын жарандыгын алуусун айткан. Себеби балдар ал мектепте 8 жыл окугандан кийин Түркияга барып, армияда кызмат өтөшөт экен", - деди депутат.
Ата-энелер Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына кайрылып, учурда алар бул маселени карап жатышат.
"Эми директор ага акча сунуштап жатат. Азыр ата-энелер мекемелер аралык комиссия түзүлүшүн, ким уруксат бергенин жана балдарын кайсы программа менен окутарын аныктоону талап кылышууда. Ал балдарды кайсыл жакка алып чыгып жатканын эч ким билбейт? Ошондой эле директор баланы түркчө сөккөндө, апасы чыдабай аны сумка менен урганын көргөн күбөлөр бар", - деди ал.
Ошондой эле, эл өкүлү териштирүү жүргүзүшү үчүн тийиштүү органдарга жана өкмөткө кайрылган.
Бул жаңылык “Балдарга болгон зомбулуктун жана балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу” аттуу өткөрүлгөн тегерек столго дал келген.
Ал иш-чарада вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, КРнын өкмөтү үчүн балдарга карата болгон зомбулуктун алдын алуу маселелери бүгүнкү күндө эң негизги көйгөйлөрдүн бири экендигин билдирген.
Анын айтуусунда, бул маселе мамлекеттин деңгээлинде комплекстүү мамиле жасоону талап кылат.
“Азыр өкмөт үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо тууралуу мыйзамдарды иштеп чыгаруунун үстүндө иш алып барууда. Балдарды тарбиялоодо жумшак мамиле жасоо, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу үчүн маалыматтык кампаниясын өткөрүү максатында медиаплан иштелип чыккан”, - деп ишендирген Өмүрбекова.
Пикир
Оставить комментарий