• 87
  • 90.41
  • 0.84

"Апта": Путиндин сапары, Матраимовдун мүлкү жана Разаков тыңчы эмес

Коом 0

Бул аптанын башкы жаңылыктарынын бири Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келгени болду. Ошентсе да, өлкө ичиндеги маселелер да көңүл сыртында калган жок. Маселен, Финансы полициясы Райымбек Матраимовдун мүлкүнүн текшерилүүсү боюнча үн катса, өкмөт вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстандын агенти деген маалыматтарды жалган деп четке какты. Бирок Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул жагдайды текшерип, өз баасын бермей болду.

Путиндин мамлекеттик сапары

Россия – Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири. Ал өлкө менен Кыргызстан ар кыл багыттагы бир катар эл аралык уюмдарга мүчө болуп, анын алкагында көп тармактарда кызматташып келишет.

Бул аптада Россиянын мамлекет башчысы Владимир Путин алгач ирет Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Белгилүү болгондой Путин Кыргызстанга мурда иш жана расмий сапарлар менен келип жүргөн. Бирок, мамлекеттик сапар алардан протокол боюнча өйдө турат жана бил өлкөнүн мамлекет башчысы президенттик кызматты ээлеп турганында бир өлкөгө бир ирет гана мамлекеттик сапар менен бара алат. Аны менен бирге анын жол-жоболору толук аткарылат.

Путин Кыргызстанга 28-мартта эртең менен учуп келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Ал эми Россиянын президентин салтанаттуу тосуп алуу аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болуп өттү. Баардык жол-жоболор аткарылгандан кийин алар тар жана кеңири чөйрөдөгү сүйлөшүүлөргө кирип кетишти. Анын жыйынтыктары боюнча мамлекеттер башчылар эки өлкө бири-бирине стратегиялык өнөктөш, эки өлкө ортосунда түшүнүшүү бар экенин жана ар кыл багыттарда кызматташтык жүрөрүн билдиришти.

Ошентип, Россиянын президентинин мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы менен 6 млрд. 135 млн. долларды түзгөн 53 документке кол коюлду. Документтер энергетика, тоо кен тармагы, өнөр-жай, соода, айыл-чарба өнөр жайы жана башка тармактарды камтыды. Аны менен бирге Россия Кыргызстанга 30 млн. доллар кайтарымсыз жардам бермей болду.

Ошондой эле, эки тарап келерки жылды эки өлкөдө тең Кыргызстан менен Россиянын кызматташтык жылы деп жарыялоо пикирине келишкен.

undefined

Сүйлөшүүлөрдөн кийин президенттер дүйнөгө аты чыккан кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты. Жазуучунун уулу Элдар Айтматов президенттерге атасы тууралуу айтып берип, иш бөлмөсүн, алган сыйлыктарын, сүрөттөрүн көрсөттү.

Элдар Айтматов мамлекет башчыларын куру кол кетирбей аларга өзү тарткан сүрөттөрүн белек кылды.

Ошондой эле эки президент VIII кыргыз-россиялык Аймактар аралык конференцияга катышып, сөз сүйлөштү. Анын жүрүшүндө Путин Кыргызстанда экономикасында жакшы өзгөрүштөр бар экенин белгилеп өттү. Андан тышкары, ал, орус тилинин Кыргызстандагы орду тууралуу айтып, Кыргызстанда орус тилине расмий макамы берилгенин жана орус тилине кам көрүлүп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Россияда 700 миңге жакын кыргызстандыктар эмгектенип, 15 миңден ашык кыргызстандык Россияда билим алышат.

Райымбек Матраимовдун мүлкү текшерилип бүтө элек

Көпчүлүккө белгилүү болгондой, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкү январь айында текшериле баштаган. Ага чейин Матраимовдун мүлкү тууралуу көп сөз болуп, былтыр президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында да ал боюнча суроо берилип, анын мүлкү текшерилеби деген суроо жаңырган эле. Ошентип, январь айында Финансы полициясы текшерүүнү баштаганын жарыялаган.

Бул аптада Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) ал боюнча маалымат берип, Матраимовдун мүлкү текшерилип бүтө электигин билдирди. Финансы полициясы белгилегендей, тергөө аяктагандан кийин анын жыйынтыгы коомчулукка кабарланат.

Белгилей кетсек, Райымбек Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге "Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө келтирген. Былтыр апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Андан кийин 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту "Матраимов иштен мыйзамсыз алынган" деп тапкан.

Өкмөт райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бирок Бишкек шаардык соту 2018-жылдын 28-декабрында Райымбек Матраимовду кызматында калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Юристтер бул чечим аткарылууга тийиш экенин, Матраимов факт жүзүндө кызматка бара ала тургандыгын билдиришкен.

Өкмөт: Жеңиш Разаков Тажикстандын тыңчысы эмес

Акыркы кездери интернет айдыңында вице премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстандын агенти деген сөздөр чыгып, социалдык тармактарда ар кыл пикирлер айтылып, ал боюнча Жогорку Кеңеште да сөз болгон.

Бирок, өкмөт бул маселе боюнча үн катып, ал маалымат туура эмес, вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси жоктугун билдирип чыкты. Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү айрым интернет-сайттарда, социалдык тармактарда вице-премьер-министр Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар деген маалымат анын кызматтык ишмердигине шек келтирүү максатында айтылганын, ал жалган жана бир гана чагымчыл мүнөздөгү маалымат экендигин билдирди.

"Жеңиш Разаков ички иштер органдарында эмгек ишмердигинин бардык баскычтарын басып өттү – Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, андан соң ал аймактын жетекчиси болуп иштеген. Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар экендиги анын бүтүндөй кызматтык ишмердиги бою байкалбай калмак эмес. Ушуга байланыштуу дагы бир ирет белгилей кетсек, бул сыяктуу маалыматтын эч кандай негизи жок жана коомчулукту адаштырууда", - деп белгилеген өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Бирок, ошол эле маалда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети айтылган билдирүү боюнча текшерүү жүргүзүп, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча өз баасын берет.

Микрокредиттик компаниялардан алынган 23,1 млрд сом насыя

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, былтыр кыргызстандыктар микрокредиттик компаниялардан 23 млрд. 116,2 млн. сом (335 млн. доллардан ашык) насыя алган.

Ал насыялар ар кыл багыт үчүн алынган. Маселен, өткөн жылы берилген чакан насыялардын 30,6%ы айыл-чарба ишмердигине, 24,9%ы керектөөчүлүк багытка, калган 14,6% турмуш-тиричилик кызматтары тармагына жумшалган.

К 20-летию кыргызского сома: Устойчивая валюта

Ал эми насыя алуучулардын саны 2017-жылга караганда 56,5%га же 173,9 миң адамга көп болуп, алардын саны 481,9 миң кишини түзгөн. Аны менен бирге берилген насыянын көлөмү да 5 млрд. 949,7 млн. сомго арткан.

Насыялардын көбү Бишкекте жана Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында алынган.

"Чакан насыялардын көбү Бишкек (4 млрд. 661,2 млн. сом же жалпы көлөмдөн 20,2%), Ош облусу (4 млрд. 638,4 млн. сом же жалпы көлөмдөн 20,1%), Чүй облусу (3 млрд. 493,2 млн. сом же жалпы көлөмдөн 15,1%) жана Жалал-Абад облусунда (3 млрд. 89,1 млн. сом же жалпы көлөмдөн 13,4%) берилген", - деп билдирет Статистикалык комитет.

Ошол эле учурда, 2019-жылдын 1-январына карата берилген насыялар боюнча карыз 16 млрд. 189,4 млн. сомду түзгөн. Ошентип, 2018-жылы чакан насыяларды кайтаруу 91,1%ды түзүп, мурдагы жылга караганда 6,1%га төмөндөгөн. 2016-жылы насыяны кайтаруу 94,1% болгон.

Пикир

Оставить комментарий