• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Апта: Уран кени, жаңы автобустар, түйүндөн тышкаркы чалуулар арзандайт

Аналитика 0

Бул аптада коом ичинде талкууга алынып, элдин көңүлүн бурган маселелер бир топ болду. Ал ошол эле уран кени, ЖКнын мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун Казакстандагы сот иши, Бишкекке жаңы автобустардын келиши...

Уран кени. Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кызыл-Омпол аянтындагы уран кени маселеси коом ичинде кызуу талкууланып, басымдуу көпчүлүк уран кенин иштешине каршык пикирде болушууда. Каршы пикирлер бир гана социалдык тармактарда гана айтылбай, эл Кызыл-Омполдо, ушул жума күнү Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүштү.

Бул маселени Жогорку Кеңеште айрым депутаттар да айтып чыгып, аптанын башында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев уран кенинин аймагындагы иштерди экологиялык экспертиза аяктаганча токтотуп турууну тапшырды. Ошону менен бул кендин иштей же иштебей турганы комиссиянын тыянагынан кийин чечилмей болду.

Ошол эле учурда, бул маселеде Ысык-Көлдөгү гана эмес, өлкөбүздүн аймагында уран кендерин иштетүүгө белгилүү бир мезгилге же түбөлүк мораторий киргизүү талабы да айтылды. Жума күнү өткөн митингде, Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов, башка депутаттар менен бирге өлкөдө белгилүү бир мезгилге уран кенин иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам иштелип, коомдук талкууга чыгарылганын билдирди. Шыкмаматовдун пикири боюнча, бул мыйзамды парламент колдоп, президент кол коюп берет.

Белгилей кетсек, уран кени тууралуу суроо өкмөт парламентте отчет берип жатканда да жаңырган.

Ал суроого жооп берип жатып, өкмөт башчы ал кенде чалгындоо иштерине уруксат алган "ЮрАзия" компаниясы өлкөбүздө 2004-жылы каттоодон өткөнүн билдирип, чалгындоо иштерине качан уруксат алынганын айтып жана ага кимдер кол койгонун атап өттү.

"2010-жылдын 18-ноябрында геологиялык изилдөөгө уруксат алган. 2011-жылы геологиялык чалгындоо деп узартылган. Ал убакта жаратылыш ресурстарынын министри болуп Кайрат Жумалиев иштеп турган. 2011-жылы май айында Кызыл-Омпол уран чыккан жерге уруксат берилген. Экинчи жолу жаратылыш министри Замир Эсенаманов кол койгон. 2012-жылы Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин башчысы Ишимбай Чунуев лицензиялык макулдашууга кол койгон. Андан кийин, 2014-жылы 2015-жылга чейин узартууну Дүйшөнбек Зилалиев кол койгон. Ал уранга деп койгон", - деди өкмөт башчы.

Казакстанда Дамирбек Асылбек уулуна сот өкүмү чыкты. Бул аптада былтыр Казакстанда аткезчилик иштерге байланыштуу кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулуна соттун өкүмү чыкты. Соттун чечимине ылайык tengrinews.kz жазгандай, ал 10 жылга эркинен ажыратылды.

Ошентип, Алматы шаарынын райондук соту Дамирбек Асылбек уулун эки берене боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Белгилей кетсек, бул иш боюнча соттук жараян былтыр октябрда башталган. Анда Асылбек уулунан тышкары дагы 11 адам айыпталуучу катары өтүүдө. Алардын экөө кыргызстандык.

Аларга карата "экономикалык аткезчилик" жана "трансулуттук уюшкан топко" тиешеси бар деген айыптар тагылган. Тергөөнүн версиясы боюнча айыпталуучулар Кытайдан мыйзамсыз түрдө Казакстан менен Россияга товарларды ташып келишкен.

Белгилей кетсек, былтыр мурдагы депутаттын Казакстандын жарандыгы бар экенин ачыкталган. Бирок, кийинчерээк анын казакстандык паспорту жараксыз деп табылып, учурда ал Кыргызстандын жараны катары соттолууда.

Эскерте кетсек, Дамирбек Асылбек уулунун казакстандык паспорту да бар экени аныкталган соң Борбордук шайлоо комиссиясы аны депутаттык мандаттан ажыраткан.

Сүйүнчү! Бишкекке жаңы автобустар келди. Борбор калаабызда көптөн бери чечилбей келе жаткан маселелердин бири - коомдук унаа. Элди ташыган коомдук унаалардын басымдуу бөлүгүн кичи автобустар (маршрутка) түзөт. Аларга карата эл тарабынан бир катар сындар айтылып келет. Бирок, ошол эле маалда, учурда, шаар тургундарынын баарын ташып жетише турган башка коомдук унаалар жок. Албетте, автобус менен троллейбустар каттап жатканы менен алардын саны аз. Алар шаар тургундарынын баарын ташып жетише албайт. Ал үчүн шаарга болжол менен 800-1000 троллейбус жана автобус керек. Бирок, анын баарын бир сатып алганга каражат жок.

Ошентсе да, бул маселе ордунда турбай акырындан болсо да чечилип жатат десе болот. Маселен, бул аптада шаарыбызга газ менен жүргөн 60 жаңы автобус келди. Алар эки каттам боюнча жүрөрү чечилген. Автобустар 29-апрелде каттамга чыгат. Бул автобустарды тендерде жеңген кытайлык YUTONG компаниясы алып келген.

Шаар тургундары жаңы автобустарга кубанганы менен сындар да жаңырды. Маселен, мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын автобуска кирип-чыгуусуна шарттар каралбаганы жана бул автобустарды алып келген компания боюнча да социалдык тармактарда сын сөздөр айтылды.

Мындан улам Бишкек мэриясы бул боюнча түшүндүрмө берүүгө туура келди.

Мэрия билдиргендей, автобустарды алуу үчүн тендер жарыяланган. Мыйзам боюнча, кайсы бир өлкөнүн компаниялары тендерге катыша албайт деп чектөөгө болбойт. Ага ылайык тендерге сегиз компания катышып, кытайлык YUTONG компаниясы эң ылайыктуу сунуш берип, натыйжада тендерди жеңип алган.

Аны менен бирге мэрия белгилегендей, бул автобустардын баасы европалык өндүрүүчүлөрдүн унааларына караганда 2-3 эсе арзан болуп, эксплуатациялык сапаты европалыктардан кем калбайт.

Түйүндөн тышкаркы чалуулар арзандайт. Кыргызстанда бир нече байланыш операторлору иштеп келет. Бир оператордон башкасына чалуу арзан деп айтууга болбойт. Бирок, учурда түйүндөн тышкаркы чалуулардын баалары арзандай баштады. Маселен, Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Айбек Мамыралиев билдиргендей, жакын арада, тагыраагы жай айында Кыргызстанда түйүндөн тышкаркы чалуулар дагы 50 тыйынга арзандайт.

Анын айтымында, 2018-жылдын аягында уюлдук байланыш операторлорунун ортосундагы чалуу баасын арзандатуу чечими кабыл алынган.

"Эгер, мурда бир уюлдук байланыштын абоненти башкасына чалганда түйүндөн тышкаркы чалуу мүнөтүнө 4 сомдон кымбат болгон. Биринчи январдан тарта ал 3 сом болду. Июнь айында ал 2,5 сом болуп, 50 тыйынга арзандайт. 2020-жылдын 1-январынан тарта түйүндөн тышкары чалуунун баасы 2 сом болот", - деди ал.

"Коопсуз шаардын" дагы 19 камерасы иштей баштады. Көптөн жылдан бери ишке ашырылбай келген "Коопсуз" долбоору быйыл ишке кирди. Адистер белгилегендей, анын аркасы менен жол эрежесин бузуулар да азаюуда. Башкача айтканда, "Коопсуз шаардын" долбоору аз-аздан максатына жете баштады.

Жума, 26-апрель күнү "Коопсуз шаар" долбоорунун дагы 19 камерасы ишке кирди.

Камералар орнотулган даректер:

  • 9 км, Пригородное айылы, Май куючу жай;
  • 10,2 км, Достук айылына карай бурулуш;
  • 13 км, Путепровод;
  • 14,5 км, Ак-Жол айылы орто мектептин жанында;
  • 22,5 км, Манас айылынын борборунда;
  • 23 км, Манас айылы, Ак-Жол май куючу жайы;
  • 27 км, Ак.Жол май куючу жайы;
  • 30 км, "Манас" аэропорту;
  • 11,5 км, Ленин айылы, Алма-Ата көчөсү 67;
  • 15,5 км, Ленин айылы, Алма-Ата көчөсү №385 үйдүн жанында;
  • 17 км, Ленин айылы, "Роснефть" май куючу жайынын жанында;
  • 59 км, Токмок шаары, "Нуржамал" кафесинин жанында;
  • 60 км, Токмок шаарында (айлампа);
  • 68,8 км, Сайлык айылы "Төлгө" дүкөнүнүн бет маңдайында;
  • 73 км, Искра айылы, Биянху көч. № 107 үйүнүн бет маңдайында;
  • 78 км, Чымкоргон айылы, Казакбаев көчөсү № 137 үйүнүн жанында;
  • 95 км, Жаңы-Алыш айылы, Орловка шаарынын бурулушу;
  • 102 км, Кемин шаары, Советтик-Каракөл көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • 18 км, Алга айылына бурулушта.

Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоору 2019-жылдын 12-февралынан тартып Бишкек шаарында иштей баштаган. Анын алкагында көчөлөрдүн кесилиштерине камералар орнотулууда. Долбоорду россиялык "Вега" концерни ишке ашырып жатат. Келишимге ылайык, 12-майга чейин биринчи баскычта камтылган бардык 110 көзөмөл камера-комплекстери орнотулуп бүтмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий