• 89.12
  • 95.1
  • 0.95

Кыштан чыгуу. Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу максималдуу чегинен ашты

Аналитика 0

Өткөн жумада Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу боюнча рекорддор улам-улам жаңыланып жатты. Эң суук күндөрү абсалюттук максимумга жетип, суткалык керектөө 76 млн киловатт-саттан ашты, ал эми кечкисин 3,3 миң мегаватка чейин жетти. Энергетиканын акыркы тамчысына чейин колдонулуп жатты, бул анын мүмкүнчүлүктөрүнүн чеги болду.

Жабдуулар мындай күч келүүнү көтөрө албай, электр тармактарында авариялык өчүрүүлөргө алып келди. Чындык ушундай. Көп жылдан бери энергетика тармагындагы эксперттер Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу жылдан жылга өсүп жатканын, ал эми энергияны иштер чыгуучу кубаттуулуктар мурдагы деңгээлинде сакталып калганын айтып келишет. Ошондуктан масштабдуу өчүрүү коркунучу реалдуу жана аны ыкчам топтордун иш-аракеттеринин жана электр энергиясын үнөмдүү колдонуу чакырыгына кайдыгер карабаган жарандардын аркасында гана болтурбай коюуга болот. Азыр кыштын ортосу гана, акырындык менен суук басаңдап баратканы кубандырат, ал эми февралда синоптиктер катуу суук болбой турганын божомолдошууда.

Биз энергетикалык мүмкүнчүлүктү жакшыртышыбыз керек – бул сөздү биз канча жылдан бери айтып келе жатабыз? Кеминде чейрек кылымдан бери айтылган сөз. Бирок, бул жылы иш алдыга жылды. Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын мамлекет башчыларынын деңгээлинде "Камбар-Ата-1" ГЭСин биргелешип куруу тууралуу макулдашылды. Келечекте бул республикадагы Токтогул ГЭСинен ашып өткөн эң кубаттуу станция болмокчу. Андан өндүрүлгөн энергия ички тартыштыкты гана жойбостон, аны коңшу өлкөлөргө дагы экспорттоого жетиштүү болот.

Өткөн жайда ГЭСтин курулушуна даярдык иштери башталган жерде символикалык түрдө анын келечектеги пайдубалы түптөлдү. Салтанатка катышкан президент Садыр Жапаров өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу гана эмес, келечектеги туруктуу өнүгүүсү Камбар-Ата-1 долбоорун ишке ашыруудан көз каранды экенин баса белгиледи.

“30 жыл мурда биз электрэнергиясын экспорттоп келсек, бугүнкү күндө импорттоп жатабыз. "Камбар-Ата-2" ГЭСин эске албаганда 30 жыл ичинде ГЭС курулган эмес.

Мына ошондуктан кубаттуулукту көбөйтүү милдети курч турат. Суу башында туруп электроэнергияны импорттогон биз үчүн уят иш. Бул жагынан алганда биз Кудай берген ырыскыбызды – Кыргызстандагы электр кубатын өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдаланып, элибизге туура жеткирүүгө милдеттүүбүз.

"Камбар-Ата-1" ГЭСин ишке берүү Кыргызстанга гана эмес, бүтүндөй Борбор Азияга пайда алып келет. Барына белгилүү болгондой, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу коңшу өлкөлөрдө сугат суу маселесин чечип, аймакта суу-энергетикалык баланстын турукташуусуна салым кошот. Камбар-Ата-1 ГЭСи – жылдын кирешесин жана экологиялуулугун эске алганда биздин өлкө үчүн өтө маанилүү стратегиялык долбоор.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын гидропотенциалынын 10-11 пайызын гана колдонуп жатабыз. Келечекте "Камбарата-1" ГЭСинин курулушу менен гана чектелбестен, Суусамыр-Көкөмерен, Сары-Жаз, Казарман, Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады сыяктуу ГЭСтерди куруу иштерин жүргүзүүбүз зарыл. Ошондо гана жараткан бизге берген гидропотенциалдын мүмкүнчүлүгүн толук колдоно алабыз”, - деп белгилеген президент Жапаров.

Албетте, "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу жана ишке берүү бир нече жылды талап кылат. Ошондуктан Кыргызстандын бийлиги аны менен катар чакан ГЭСтерди өнүктүрүүнү активдештирип, энергиянын альтернативдүү булактарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Бул багытты жакында эле түзүлгөн министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду көзөмөлдөйт. Бул уюмдун жетекчиси Эмилбек Орозбаев “Кабар” маалымат агенттигине жакын арада ишке ашырылышы пландалган артыкчылыктуу долбоорлор тууралуу айтып берди.

“Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө кичи ГЭСтерге жабдууларды орнотуу үчүн жүздөн ашуун жер бар. Ысык-Көл облусунда шамал электр станцияларын жана өлкөнүн түштүгүндө күн станцияларын ишке киргизүү үчүн жакшы шарттар түзүлдү. Маселен, Балыкчы шаарына жакын Тоң районунда жалпы орнотулган кубаттуулугу 100 МВт болгон шамал электр станциясынын курулушу башталды.

Эл аралык каржы институттары энергиянын кайра жаралуу булактары (ЭКБ) чөйрөсүндөгү долбоорлорду каржылоого кызыкчылыктарын билдиришүүдө. Кыргызстан инвестиция салуу үчүн жагымдуу өлкө. Буга байланыштуу бизнес каржы институттарынын жана коммерциялык банктардын колдоосу менен долбоорлорду ишке ашыра алат. Өз кезегинде Жашыл энергетика фонду долбоорлорду ишке киргизүүдө инвесторлор менен мамлекеттин ортосунда кепилдик катары чыгууга даяр”, - деди Эмилбек Орозбаев.

Шамал жана күн станциялар ассоциациясынын башчысы Кундуз Кырбашева Кыргызстанда күн жана шамалды пайдалануу мүмкүнчүлүгү толук изилдене электигин айтат. Ошондой болсо да энергиянын кайра жаралуу булактары натыйжалуу боло турган жерлерде долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Маселен, Балыкчыга жакын жайгашкан шамал станциясы болжол менен шаар калкынын жарымынын керектөөсүн жабат. Эгер ушул сыяктуу генерациялоочу кубаттуулуктар башка аймактарда пайда боло турган болсо, анда өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу бир кыйло жогоруламак. Бул келечектин иши, биз ага азыртадан салым кошушубуз керек. Калктын керектөөсү тынымсыз өсүп, ал эми энергия иштеп чыгуу көп жылдар бою мурдагы деңгээлде сакталып турат.

“Азыркы учурда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында шамал станциясын куруу боюнча долбоорду ишке ашырып жатабыз. Болжолдуу түрдө долбоор шаар калкынын жарымынын керектөөсүн жабат деп күтүп жатабыз. Бүгүнкү күндө өлкөдө энергетикалык каатчылык болуп жатат. Эгер мурда бир үй-бүлө 5 кВт/саат электр энергиясын керектесе, бүгүнкү кундө алардын керектөөсү 15 кВт/саатка жетти”, - деп белгиледи Кундуз Кырбашева.

Эксперттер чакан жана альтернативдүү энергетика Кыргызстандын калкын электр энергиясы менен камсыздоо маселесин чечүүдө олуттуу салым кошууга жөндөмдүү деп эсептейт. Бирок экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү үчүн зарыл болгон олуттуу кубаттуулук жөнүндө айта турган болсок, анда албетте, өлкөгө өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү боюнча Токтогул ГЭСине окшош Камбар-Ата-1 сыяктуу ири ГЭСтерди куруу керек. Бул келечекке олуттуу пайдубал болуп, айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон суу ресурстарын сактоого салым болот.

Азырынча Кыргызстан энергетикалык тузактан чыгуунун планын гана белгиледи, ондогон жылдар бою топтолуп келген көйгөйлөр бир мезгилде чечилбейт. Туннелдин аягында жарык пайда болду, бирок ага жетүү керек. Бийлик туура багытта алгачкы олуттуу кадамдарды жасады.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий