• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Султанбаев: Назгүл Төлөмүшованын сөөгү келаткан учакты бийлик Бишкекке кондурбай койду деген маалымат жалган

Коом 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Социалдык тармакта “Учак менен Минскиден келе жаткан Назгүл Төлөмүшованын сөөгүн бийлик Бишкекке кондурбай койду” деп таркатылып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал маалыматта белгиленген Назгүл Төлөмүшованын сөөгү менен учак кечээ, 17-январда, Бишкекке конуп, жакындары анын кичи мекенине алып кеткендигин жазды.

"Ошону менен бирге, жалган маалымат таркатуу үчүн тиешелүү мыйзамдардын чегинде жоопкерчилик каралганын эске салып, такталбаган, коомчулукту удургуткан жалган маалыматтарды жайылтпоого чакырабыз", - деди Султанбаев.

Белгилей кетсек, күн мурун ЖМКларда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшова Минск шаарында каза болгондугу тууралуу маалымат тараган. Анда анын ооруп жүргөнү айтылат.

Пикир

Оставить комментарий