• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэриясы: Арча-Бешик конушуна ичүүчү суу графикке ылайык берилет

Коом 0

Бишкек, 14.06.23. /Кабар/. Арча-Бешик жаңы конушуна ичүүчү суу белгилүү график боюнча берилет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, суу төмөнкү график менен берилмекчи:

- 15-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин конуштун жогорку бөлүгү;
- 16-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин төмөнкү бөлүгү;
- 17-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин жогорку бөлүгү;
- 18-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин конуштун төмөнкү бөлүгү.

"Суу ташуучулардын цистерналары күн сайын дезинфекцияланып, "Аэропорт" суу алгычынан ичүүчү сууга толтурулат. Ар бир автоцистернада ичүүчү суунун сапатын көзөмөлдөгөн химиялык-бактериологиялык лабораториянын корутундусу бар", - деп белгилешти мэриядан.

Муниципалитет жарандарды провокацияларга, ар кандай божомолдорго, имиштерге ишенбөөгө чакырат. Ичүүчү суу боюнча абал оор, бирок Бишкек мэриясынын, "Бишкексууканалдын" көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий