• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Ар бири өз иши үчүн мыйзам чегинде керт башы менен жооп берет. Президенттин кезектеги маеги

Президент 0

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигин кызыктырган бир катар суроолорго жооп берип, анда Апас Жумагуловдун портретинин "Ынтымак Ордого" илинишинин себебин түшүндүрдү. Ошондой эле маекте мурдагы президент Аскар Акаев тууралуу дагы кеп козголду.

Саламатсызбы. Садыр Нургожоевич президенттин администрациясынын жаңы имаратында иш кызуу жүрүүдө. Ар кыл делегацияларды кабыл алып, ар кыл деңгээлдеги иш-чаралар өтүп жатканын көрүп жатабыз. Бизди кызыктарган нерсе – “Ынтымак Ордодо” экс-премьер-министр Апас Жумагуловдун портретинин илиниши. Мындай чечимге эмне түрткү болду? Эмне үчүн Апас Жумагулов? Азыркы учурга чейин андан башка деле өкмөт башчылары көп эле болду эле?

Биринчиден Апас Жумагулов СССРдин “закалкасын” алган саясий ишмер.

Экинчиден СССР чачырагандан кийин Кыргызстан жаңы түптөлө баштаганда Аскар Акаев жетектеген бийликте премьер-министрлик кызматын аркалап, эриш-аркак жаңы мамлекетти түзүүгө чоң салымын кошкон адам. Ал мезгилде жаңы баш мыйзам жана ага ылайык мыйзамдар кабыл алынган, өзүбүздүн сомубуз жүгүртүүгө берилген. Азыркыга чейин күчүн жоготпой турат.

СССР тарай электе Кыргыз CCРнин өзүнүн мамлекеттик тили болуш керек деп Кыргыз тил мыйзамын киргизишкен. Мамлекетибиз дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кирген жана башка дагы бир далай жакшы иштерди жасашкан. Мунун баарын азыркы жаш муун билбей калды. Орто жаштан жогоркулардын баары билишет.

Жаңы мамлекетти түптөш оюнчук эмес. Жаңы мамлекетти түптөгөндү бул жакка коелу, бери жагы эле башымдан өткөн адам катары айтайын.

2020-жылы жаңы мамлекет түптөгөн менен эле барабар болдук. Жаңы баш мыйзам кабыл алынды, ага ылайык бардык мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди, бийлик түзүмү орноду. Мурда башаламан башкаруу болуп, анархия орноп, ким катуураак жана коозураак кыйкырса эле, ошонун сөзү өтө берген мамлекетте жашап келгенибизди баарыңар эле билесиңер да. Мага эң оор болгону ушул өзгөрүүлөргө жана жаңыланууларга жардам бергендин ордуна ар кайсы топтордун, алысты көрө албаган ичи бузук, кооз сүйлөгөн саясатчылардын, капталдан чыга калып жеке кызыкчылыктарын түрткүлөгөн саясий топтордун бут тоскону болду. 30 жылдан бери жеке кызыкчылыктары менен жашап келип көнүп алышыптыр да.

Бир жарым жыл дегенде араң реформаны бүттүк. Бир жарым жыл убактыбызды ушундай ички тоскоолдуктарга кетирип койдук. Ошондуктан жаңы мамлекет түптөгөндү бул жакка коелу, бар мамлекеттин башкаруу системасын өзгөртүүгө ушунчалык тоскоолдуктар болду. Айрым саясатчылар мурдагы “улак тартмай” системаны калтырганга аябай жан үрөштү. Бирок көпчүлүк элдин колдоосу менен реформаны ишке ашырып кеттик.

Үчүнчүдөн Апас Жумагулов таза иштеген премьер-министр болгон. Бүгүн 90 жашка чыгып олтурат. Кыргыз эл баатыры. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алынды. Ал эми башка премьер-министрлер жөнүндө жооп бербей эле коеюнчу. Капа болбойсуз. Аларды да капа кылып койбоюн.

Апас Жумагулов сиз айткандай Аскар Акаевге арка-жөлөк болуп эриш-аркак жакшы иштешсе, демек эми “Ынтымак Ордонун” ичинде мурдагы президент Аскар Акаевдин дагы портрети илинеби? Анткени Апас Жумагулов Аскар Акаевдин тушунда анын өкмөтүн жетектеди да?

Жок. Илинбейт. Анткени Аскар Акаевичтики башкача жагдай. Мен Аскар Акаев татыктуу эмес деген пикирде айткан жокмун. Ал кишинин да жаңы Кыргызстанды түптөөдө салымы тоодой. Мен жогоруда айткан ийгиликтердин башында ошол киши турган. Бирок жашоодо табият ушундай экен, 99 жолу жакшы иштерди жасап, 1 жолу жаңылсаң кечирилбейт. Аскар Акаев кайсы жерден жаңылды. Бул менин берген баам эмес, көпчүлүк элдин берген баасы.

Биринчиден приватташтыруу маселесин көзөмөлдөй албай калды. Колунда бийлиги бар ач көз мамлекеттик кызматкерлер элдин мүлкүн талап-тоноп кетишти. Иштеп турган завод фабрикаларды талкалап, станокторун чет өлкөлөргө сатышты.

Экинчиден айыл чарбасы талкаланды. Эми бул айыл чарба маселесинде Акаевдин күнөөсү жок. Анткени Акаев айыл чарбачы эмес, окумуштуу адам болгон. Айыл чарбасын талкалаган компетентсиз, демагог министрди күнөөлөсөк болот. Ал жерге ыраматылык Жумгалбек Аманбаев сыяктуу күчтүү министрди коюш керек эле. Аскар Акаевич кадр тандоо маселесинде да жаңылды.

Үчүнчүдөн эң негизги катасы, эл кубалаганга чейин жеткирбеш керек болчу. 10 жыл башкаргандан кийин кетиш керек эле. Адам баласынын жашоо табиятында бир көрүнүш бар. Бир эле адамдын жүзүн кечке көрө берсе адамдар андан тажайт. Мейли ал алтын адам болсун, бирок бир жүздү кечке көрө берип адамдар тажап кетет. Ошол үчүн дүйнө жүзүндө президенттердин мөөнөтүн 7 жылга бир жолу же 4-5 жылдан эки жолу шайланат деген эреже бар. Бул эреже деле жөндөн жөн кирди дейсиңерби. Эзелтеден бери келе жаткан дүйнөлүк тажрыйбадан улам бир адам көпкө чейин президент болуп олтуруп албасын деп кирген норма да.

Биз адамдар пендечилик кылат турбайбызбы. Же бийлик ушунчалык эле таттуубу билбейм. Ошондуктан Аскар Акаев эл кубалаганга жеткирбей кетип калганда, эң биринчи Аскар Акаевдин портрети тунгуч жана экс-президент катары бардык жактарда илинип турмак.Мына кечээ Жогорку Кеңеш да экс-президент макамын берүүдөн баш тартып коюптур. Ошондуктан баарыбыз өткөндөн сабак алып, азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек.

Мен дагы бир жолу кайталайм. 99 жолу жакшы иштерди жасап, 1 жолу жаңылсаң эл кечирбейт. Адам баласынын жашоосунда табият ушундай экен. Жакшы иштерин тез эле унутулуп калат. Жаман иштериң эч качан унутулбайт. Ага капа болуштун кереги жок. Ошондуктан биз катачылык кетирбегенге аракет кылалы. Тез-тез жаңыланууларды, тез-тез өзгөрүүлөрдү, өнүгүүлөрдү жасап туралы. Мына ошондо эл баалайт, эл сыйлайт.

— Сиз азыр бийлик башында олтурасыз да. Бийликтин таттуулугу сезилбей элеби сизге?

Чынын айтсам таттуулугун сезген деле жокмун. Себеби мамлекет менен жалпы элдин тагдыры сенин мойнуңда болгондо сен деле сезмек эмессиң. Анткени күнү-түнү дебей ойлонуп чыгасың. Уйку жок.

Ар бир ички жана тышкы саясатта жүрүп жаткан иштерге 24 саат бою сарсанаа болосуң. Эгер мурдагыдай жоопкерчилиги жок системада башчы болуп олтурсам анда балким бийликтин таттуулугу сезилмек. Себеби эч нерсеге жооп бербейсиң. Жыргап жүрө бересиң. Жакшы иштер жасалса президент өзүнө ыйгарып, жаман иштер болсо өкмөт менен парламентке түртө салчу. Президент көшөгөнүн артында олтурчу. Ошентип көшөгө артында олтуруп алып 30 жылда 35 өкмөт башчы алмаштырышпадыбы. Мамлекет алдыга жылбай бир орунда токтоп тургандын себеби да ушунда болду.

Азыр президентти мыйзамдар менен жооп бересиң деп көшөгөнүн артынан элдин алдына чыгарып койдук. Учурдагы система таптакыр башка болду. Мейли президент канча премьер-министр алмаштырбасын жалпы элдин, мамлекеттин тагдыры менен жоопкерчилиги баары бир президенттин мойнунда.

Менден кийин ким президент болуп келбесин мамлекеттин жакшысына да, жаманына да өз башы менен эл алдында жооп берет. Көп суур ийин казбайт дегендей жоопкерчилик бир кишинин мойнунда болбосо болбойт экен. Анархия болуп мамлекетибиз чачырап кете жаздады.

Албетте өкмөт менен парламенттин, сот менен прокуратуранын да өздөрүнө тиешелүү жоопкерчиликтери бар. Ар бири өз иштери үчүн мыйзам чегинде керт баштары менен жооп берет.

Эми саясатты артка таштап, экономиканы алдыга жылдыруу менен элдин жашоосун жакшыртууга жан үрөйлү. 30 жыл саясатташып жүрүп эч бир жакшылык тапкан жокпуз. Бир эле мисал келтирсем кошуна Кытай мамлекетинен технология жагынан алганда 100 жылга артта калыптырбыз. Эми ошону кыска убакытта, 20-30 жылда кубалап жетели.

Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий