Ар шаршемби күнү Панфилов сейил багындагы аттракциондорго арзандатуулар болот

Коом 0

Бишкек, 06.06.23. /Нурзат Жумалиева — Кабар/. Жай мезгилинде Панфилов сейил багындагы аттракциондорго арзандатуулар болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, аттракциондордун баасы ар шаршемби күнү саат 10:00дөн 18:00гө чейин чоңдор жана балдар үчүн 50 сомдон, ал эми дөңгөлөк, Айлануучу мунара, Зоотопия зоопаркы жана 12D кинотеатры суператтракциондорго 80 сомдон болот.

Акция жайдын аягына чейин уланмакчы.

"Бардык аттракциондор жана механизмдер тиешелүү техникалык экспертизадан өткөн. Урматтуу шаардыктар, балдар жана борбордун меймандары! Сиздерди биздин аттракциондорубузда көңүл ачууга жана сейилдөөгө чакырабыз!", - деп белгилейт сейил бактын администрациясы.

Пикир

Оставить комментарий