Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин медициналык пункту меджабуулар менен камсыздалды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамынын жана студенттеринин ден соолугун чыңдоо максатында медициналык пункт Zoncare P7 УЗИ аппараты, KN220-A кольпоскопу, стоматологиялык комплект, гинекологиялык отургуч менен камсыздалды.
Меджабдуулар «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан берилди.
Пикир
Оставить комментарий