• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Молдогазиев БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун КРдагы өкүлү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. Күн мурун, 6-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Субрегионалдык кеңсесинин башчысы, ФАОнун Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Виорел Гуцу менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргызстанда айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга багытталган ФАОнун долбоорлорун мындан ары ишке ашыруу маселелерине токтолушту.

Айбек Молдогазиев БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү" резолюциясын кабыл алуунун алкагында 2023-2027-жылдарды "Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы" деп жарыялоо жөнүндө эл аралык демилгени бекитүү боюнча иштин практикалык аякташы тууралуу маалымат берди.

Ошону менен бирге министрдин орун басары бул демилгени толук ишке ашырууда БУУнун институттарынын көмөк көрсөтүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде, Виорел Гуцу ФАО бул демилгени улуттук деңгээлде ишке ашырууга колдоо көрсөтөрүнө ишендирди.

Жолугушуунун соңунда Айбек Молдогазиев Кыргызстан ФАО менен тыгыз кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенин ырастап, Виорел Гуцуга мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий