• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Курманкул Зулушев Эл аралык көк бөрү ассоциациясынын президенти болуп шайланды

Коом 0

Бишкек, 13.08.23./Кабар/. Башкы прокурор Курманкул Зулушев Эл аралык көк бөрү ассоциациясынын президенти болуп шайланды. Мындай чечим бүгүн, 13-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн конгрессте кабыл алынган.

Аталган ассоциациядан билдиришкендей, конгресске 9 мамлекеттен 14 улуттук федерациянын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Жыйында Эл аралык көк бөрү федерациясы ассоциация болуп түзүлдү.

Анын ичинде:

— ассоциациясынын президенти болуп Курманкул Зулушев;

— вице-президенттери болуп Казакстандын "Жаппай көк пар” федерациясынын президенти Дирманов Гани;

— Өзбекстандын “Улок купкари” федерациясынын төрагасы Адхамов Равшанбек;

— Россиянын Алтай Республикасынын “Көк Бөрү” (Синий Волк) ат оюндар федерациясынын президенти Тузачинов Эркин шайланды.

Ал эми көк бөрү оюндарынын өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн Эл аралык көк бөрү федерациясынын мурдагы вице-президенттери Аскар Салымбеков менен Набижон Жураевге (Өзбекстан Республикасы) Эл аралык көк бөрү ассиоциациясынын “Ардактуу президенти” наамы ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий