• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Машыктыруучу Уланбек Төлөнбай уулу: Кыргызстандын жаш боксчулары КМШ оюндарында жакшы жыйынтык көрсөттү

Спорт 0

Минск, 13.08.23./Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын улук машыктыруучусу, КР бокс боюнча спорт чебери, эмгек сиңирген машыктыруучу Уланбек Төлөнбай уулу Беларуста өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары, Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курамасынын оюндарда көрсөткөн жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

Уланбек Төлөнбай уулу белгилегендей, КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары жогорку деңгээлде өтүп жатат.

“Бокс боюнча мелдештер Беларустун Орша шаарында өтүп, анда 10 мамлекеттин спортчулары күчүн сынады. Кыргызстандык спортчулар жалпысынан эң жакшы жыйынтыктарды көрсөттү, бир аз тажрыйба гана жетишпей калды. Анткени, алтын үчүн беттеште кыргыз боксчулары Европа жана дүйнө чемпиондору менен кез келди”, - деди ал.

Уланбек Төлөнбай уулу Беларусь тарапка меймандостугу жана жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Беларустун Орша шаарында өткөн бокс боюнча мелдеште Кыргызстандын жаштар курама командасынын мүчөлөрү үч күмүш жана бир коло медалга татыган.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4 августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий