• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Арал – Казарман унаа жолуна кулаган таштар тазаланды – Транспорт министрлиги

Аймак 0

Бишкек, 05.09.24. /Кабар/. Арал – Казарман унаа жолунун 198-чакырымына түшкөн таштар тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолду таштан ьазалоо иштерин Жумгал районундагы №24 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жүргүздү.

Учурда аталган жолдо каттам бар.

Мындан тышкары, № 24 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Кочкор-Арал-Төө- Ашуу унаа жолунун 135 -159- чакырымдар аралыгындагы Арал-Кызыл-Ой участкасында жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында жол сүрүү (профилировка) иштери жүрөт. Аталган жумуш иштери ай сайын, муктаждыгына жараша түздөлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий