• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Токмок шаарында жана Москва районунда уурулуктун алдын алуу иш-чаралары өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кылмыштуулуктун жана тартип бузуулардын алдын алуу иштери тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылдын 16-мартында Москва РИИБнин аймактык тескөөчүлөрү тарабынан мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду уурдоо кылмыштарын болтурбоо жана алдын алуу боюнча район аймагындагы айылдардын тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Милиция кызматкерлери жолугушууда кандайдыр бир шектүү адамдар же автоунаалар байкалса, ал боюнча учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлерине билдирүү уурулук кылмыштарына бөгөт коюуга салым кошорун белгилешти. Ошондой эле малчылар менен да жолугушуулар болуп, мүрзөлөрдүн айланасында ар кандай терс көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, Токмок шаарынын ИИБнин кызматкерлери тарабынан уурулук кылмыштарын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Милиция кызматкерлери уурулук кылмыштарына бөгөт коюу максатында базарларда, коомдук жайлардын, коомдук тамактануучу жайлардын жана жарандарга тейлөө көрсөтүүчү имараттардын администрациялары менен жолугушууларды өткөрүп, анда уурулук кылмыштарына жол бербөө үчүн жөнөкөй эрежелерди сактоо зарылдыгын эскертишти.

Ошондой эле Токмок шаардык ИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан мектеп окуучулары арасында массалык мушташтарды болтурбоо, опуза талап кылуу жана уурулук кылмыштарды алдын алуу боюнча лекциялар окулуп, ар бир мыйзамсыз аракеттер үчүн жоопкерчиликтер каралганы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий