• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарын шаарындагы “Унаа” мекемеси эки күн бою иштебейт

Аймак 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Нарын шаарындагы “Унаа” мамлекеттик мекемеси 24-25-июнь күндөрү иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарында электр энергия тармагындагы оңдоо иштерине байланыштуу саат 9:00дөн 18:00гө чейин жарык жок болот. Электр жарыгынын өчүрүлүшүнөн улам Нарын шаарынын Кулумбаев көчөсү, 23 дарегиндеги “Унаа” мекемеси ишин убактылуу токтотот.

“Бирок айдоочулук күбөлүктү берүү кадимки тартипте жүрөт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий