• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

КР тышкы иштер министри Литванын элчисин кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 23-июнда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Литванын Кыргызстандагы дайындалган элчиси Джинтаутас Васиулисти Ишеним грамоталардын көчүрмөлөрүн тапшырууга байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Р.Казакбаев Литванын дипломатиялык миссиясынын башчысын жогорку кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктады жана элчинин Кыргызстан менен Литванын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо боюнча жигердүү ишине үмүт артарын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий диалогду тереңдетүүгө басым жасоо менен, анын ичинде Тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларды өткөрүү аркылуу эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерине токтолушту.

Тараптар ошондой эле парламентарийлердин ортосундагы иш сапарлар менен алмашуу жолу менен эки тараптуу парламенттер аралык кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Мындан тышкары, алар соода-экономикалык чөйрөдө өз ара пайдалуу кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгилешти. Министр Казакбаев Литва менен "жашыл экономика", туризм, IT технологиялар, транспорт жана логистика жаатында кызматташууга кыргыз тараптын кызыгуусун билдирди.

Ошол эле учурда, Элчи Г.Васюлис буга чейин Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн электрондук паспорттордун жаңы бланктарын өндүрүү боюнча тендерге катышкан Литванын "Гарсу Пасаулис" компаниясынын айланасындагы учурдагы кырдаалды дагы көтөрдү.

Ушуга байланыштуу, литвалык ишкерлердин арасында инвестициялык өнөктөш катары Кыргызстандын Литвада имиджин жакшыртуунун маанилүүлүгү белгиленди.

COVID-19га каршы күрөшүү үчүн жардам тартуу боюнча иштин алкагында, литва тарапка коронавирустук инфекцияга каршы вакциналарды берүүдө көмөк көрсөтүү өтүнүчү билдирилди.

Ошондой эле тараптар ар кандай эл аралык платформаларда өз ара демилгелерин колдоо ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий