Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. Бүгүн Арал постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, аймакты караган №23 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунун 209-255-чакырым аралыгындагы Ала-Бел ашуусунда тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө.
Ушундай эле жумуштар Өтмөк жана Төө-Ашууда да аткарылууда, учурда унаа кыймылына чектөө жок. Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында кар жаап жатат, каттам бар.
Министрлик айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактап, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
Пикир
Оставить комментарий