• 87
  • 91.29
  • 0.84

Арашан айылындагы маданият үйү мамлекеттин менчигине өттү

Аймак 0


Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылындагы маданият үйү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул туууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан кайтарылган маданият үйүнүн жалпы аянты 0,62 га, болжолдуу баасы 126 млн сомду түзөт.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 2004-жылы социалдык жана муниципалдык объектилерди мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө тыюу салган ченемдик-укуктук актыларга карабастан, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мыйзамсыз чыгарылган токтомунун негизинде иштеп жаткан Маданият үйү жеке пайдаланууга берилип, кийин ал жеке жак тарабынан мыйзамсыз сатылып алынгандыгы аныкталган.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында имараттын ээси өз ыктыяры менен объектти мамлекеттин балансына өткөрүп берген.

Учурда УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.

Пикир

Оставить комментарий