• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Араван районунда 225 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 23.12.23. /Кабар/. Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Кызыл-Талаа” мектебинин 225 орундуу жаңы имараты колдонууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Мектептин жаңы имаратын тапшыруу салтанатына өкүл Элчибек Жантаев, Араван районунун акими Сейтек Кулубаев, жергиликтүү тургундар, айыл аксакалдары, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Жантаев өз сөзүндө балдарды жана жаштарды окутуу жана тарбиялоо үчүн заманбап шарттарды түзүү менен өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилей кетсек, жаңы мектептин курулушу мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, анын сметалык наркы 71 млн сомду түзгөн. Куруучу компания "Мастер строй сервис" ЖЧК.

Пикир

Оставить комментарий