• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сүлүктүдөгү карылар үйүнө кошумча корпус салууга 1 млн 200 миң сом бөлүндү

Аймак 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Баткендин Сүлүктү шаарындагы карылар үйүнө кошумча корпус салууга мамлекеттик бюджеттен 1 млн 200 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу Сүлүктү шаарынын мэриясынан билдиришти.

Президенттинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажыбаев, эмгек жана социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев, шаар мэри Болот Абдыжапаров Сүлүктү шаарындагы карылардын станционардык борборунда болушту.

Жетекчилер мекеменин абалы менен таанышкан соң, Сүлүктү шаарынын мэриясына жер тилкесин кеңейтүү тапшырмасы берилди.

“Ошондой эле карылар үйүндө баш кошкон 87 жаштагы Марсель Басынов менен 57 жаштагы Рузиновай Охунованы куттукташты”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий