• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте кылмыштуулуктун алдын алуу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Бишкек шаарында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча шаардык кеңешме өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кеңешменин жүрүшүндө төмөнкү темалар боюнча 5 баяндама угулду:

- "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" мыйзамдарды ишке ашыруу;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча;
- зордук-зомбулукка кабылган балдарга сот адилеттигин жана тартипти камсыздоо боюнча негизги кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттуу иштөө жол-жоболору;
- жашы жете электердин баңги заттарды таратууга тартылышын болтурбоо;
- жашы жете электердин өз өмүрүнө кол салуусун алдын алуу.

Андан соң каалоочулар кызыккан суроолорун берип, дароо жеринде толук жоопторду алышты.

Жыйын Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле жарандык сектордун жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча ыкчам аракеттенүү аракеттеринин алгоритмин жана мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү максатында өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, кеңешмеге Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, борбор калаанын бардык төрт районунун башчыларынын социалдык маселелер боюнча орун басарлары, райондук билим берүү жана социалдык өнүктүрүү борборлорунун жетекчилиги, окуу иштери боюнча директорлору, соцпедагогдор, МАБ, райондордун жашоочулары жана активдери катышты.

Пикир

Оставить комментарий