• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ЖЭБди калыбына келтирүү. Жеринде 608 кызматкер, 31 техника иштеп жатат

Коом 0


Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 608 кызматкер, 31 техника тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын ичинде ӨКМден 50 куткаруучу 9 техника менен ЖЭБнин имаратынын аймагын тазалап, жылуулоо ишин улантууда. Ошондой эле жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 4 чатыр тигилген.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш кызматкер жабыркап, ооруканага түштү.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Ал ортодо Башкы прокуратура ЖЭБдеги окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле президенттин тапшырмасы менен ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтей турган мамлекеттик комиссия түзүлө турган болду. Комиссияны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жетектейт.

Пикир

Оставить комментарий