• 87
  • 91.29
  • 0.84

Араванда киши колдуу болгон 12 жаштагы өспүрүм баланын өлүмү иликтенүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 26.06.21. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Араван районунда 12 жаштагы бала асынып каза тапкан. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалымакта ылайык, 2021-жылдын 25-июнунда саат 10:25 чамасында Араван райондук милициясына райондун борбордук ооруканасына асынып каза болгон өспүрүм баланын сөөгү келип түшкөндүгү тууралуу кабарланган.

Аталган маалымат Араван райондук милициясында катталып, тергөө-ыкчам тобу жана Араван РИИБдин жетекчилиги окуя болгон жерге барышкан.

"Каза болгон жаш өспүрүм Араван районунун Араван айылынын тургуну 12 жаштагы О. А. экендиги такталган. Аны саат 10:10до тайкеси алып келген учурда каза болгон, оорукананын моргуна киргизилген. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында өспүрүм бала киши колдуу болгондугу белгилүү болгон", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Кылмыштын бетин ачып, окуяга шектүүнү табуу боюнча тийиштүү ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий