• 87
  • 90.63
  • 0.79

Араванда милиция кызматкери 120 миң сом пара менен кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Араванда милиция кызматкери 120 миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан органдардагы, атап айтканда ички иштер органдарынын тутумундагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Араван райондук милициясынын Коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн жана убактылуу кармоочу жайын башкаруу боюнча башчысынын орун басары 120 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Кармоо иштери Ички иштер министрлигинин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте жүргүзүлдү.

Тактап айтканда, 28-ноябрда УКМКга жергиликтүү тургун Араван райондук милициясынын кызматкерине карата чара көрүү жөнүндө арызы менен кайрылган. Милиция кызматкери аталган жарандын Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында жаткан уулуна карата эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган баш коргоо чарасын тандоого көмөктөшүү үчүн 150 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.

Белгилей кетсек, өлкө жетекчилиги жана мамлекеттик комитет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка карабастан, айрым милиция кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык кызыкчылыгына каршы келген мыйзамсыз аракеттерин улантууда.

Сузак РИИБнин жаңы имаратынын ачылышында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын негизги милдети элдин ишенимин актоо, мыйзамдуулукту сактоо жана кылмыштуулукту азайтуу экендигин белгиледи.

Ошондой эле төрага күч түзүмдөрүндө мыйзам бузуучуларга каршы күрөш улана турганын, ал эми мыйзамды бузган бардык кызматкерлер ээлеген кызматына карабастан жоопкерчиликке тартылаарын айткан. "Силер милициянын формасын кийгенде ошол формага татыктуу болушуңар керек", - деп өздүк курамга эскерткен.

Пикир

Оставить комментарий