• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы үч ай ичинде эле 784 чөнтөк уурулук жасалган

Укук тартиби 0


Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 2022-жылдын биринчи чейрегинде 784 чөнтөк уурулук жасалган. Бул тууралуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, 220 кылмыштын бети ачылган. Ал эми 2021-жылы 792 чөнтөк уурулук жасалып, 265 кылмыштын бети ачылган.

“Чөнтөк уурулук кылгандардын 80 пайызы Бишкек шаарында жасалат. Чөнтөк уурулуктун мезгилдүүлүгү жок, алар эл көп болгон жерде: базарларда жана соода борборлорунда, автобустарда жана аялдамаларда жасалат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий