• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө боюнча иш: Отурум Исаковсуз өтүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек. 17.12.19. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Түшкү тыныгуудан кийин Сапар Исаковду сот залына алып келишкен. Сот кирип келгенден кийин мурдагы өкмөт башчы аны сот залына алып келгенине каршы экенин билдирди.

"Мен каршымын. Эмнеге мени күч менен алып келет? Ишти менсиз карагыла деп айтпадымбы", - деди ал.

Сот тартипти бузгандыгы үчүн деп аны залдан чыгарып, иш анын катышуусусуз караларын билдирди.

Отурумда күбө катары мурдагы маданият министри Түгөлбай Казаков чакырылды.

"Биз концепциянын иштелип чыгышында катыштык. Иш көп болгон. Жаңы концепция боюнча иштеген топту өзүбүз түзгөнбүз", - деди ал.

Анын айтымында, баасынан улам көп сөз болгон буюмдар ал концепция иштелип жатканда жок болчу.

"Биз башка аттарды айтканбыз. Кафетерия жөнүндө уккан эмесмин. Немис компаниясын ким алып келип, ким келишим түзгөнүн билбейм", - деди ал.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Пикир

Оставить комментарий