• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Кантта баңгизатын мыйзамсыз жүгүрткөн Пакистандын жарандары кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Кантта баңгизатын мыйзамсыз жүгүрткөн Пакистандын жарандары кармалды.

Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, 7-февралда милицияга арыз менен 25 жаштагы С.З. аттуу Пакистандын жараны, Кант шаарынын жашоочусу кайрылып, үйүнөн 10 миң доллар, 2 макбук жана iPhone 14 Pro үлгүсүндөгү жаңы уюлдук телефону уурдалгандыгын билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип 21 жаштагы М.Х., 24 жаштагы М.Г., 24 жаштагы А.М. аттуу Пакистандын жарандары аныкталып, кармалган.

Алар сурак учурунда арыз ээсинин үйүнөн баңгизатын уурдагандыгын, башка эч нерсе албагандарын билдиришкен.

Кармалган жарандардын үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, өлчөмү 1504 граммды түзгөн афган гашиши (чарз) баңгизаты табылган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө арыз ээси өзү бир нече жыл бою Пакистандан баңгизатын алып келип, өзүнүн Кыргызстанда жашаган мекендештерине сатып келгендиги аныкталган.

9-февралда аталган кылмыш ишинин материалдары өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, 286-беренесинин (Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу) негизинде кылмыш иши козголгон. Арыз ээсинин үйүнө дагы тинтүү жүргүзүлүп, андан 55 грамм салмактагы баңгизаты (гашиш) табылган.

Ошол эле күнү төрт жаран тең тергөө изоляторуна 2 айга камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий