• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ноокат районунда мал уурдоого шектүүлөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. Ноокат районунда мал уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында Ноокат районунун Кожо-Арык айылынын тургуну 43 жаштагы Ж.А. 2 баш өгүзүн ошол эле күнү саат 02:00 чамаларында сарайынан уурдап кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган.

Бул факт Ноокат РИИБдин КЖБРне катталып, КР Жазык кодексинин 200-беренесиндеги кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.

8-декабрда Ноокат РИИБдин Көк-Жар Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун Шералы айылынын 38 жаштагы Н.К. аттуу тургуну жана Кызыл-Кыя шаарынын 31 жаштагы У.Э. аттуу тургуну кармалып, Ноокат РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда убактылуу шектүүлөр кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Жоголгон малдын эттери Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы мал союучу жайдан табылган.

Жалпы келтирилген зыян 130 миң сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий