• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери балык кармоого тыюу салынган түрү менен мыйзамсыз балык уулап жаткан жаранды кармашты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ой-Тал айылында Т.В. аттуу жергиликтүү тургун мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен кармалып, андан 16 даана судак балыгы жана 100 метр узундуктагы «Перемет» кармоочу куралы алынган.

Бул факты Түп РИИБнин маалымат электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн материалдар райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Мындан тышкары, келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо максатында Мамэкотехинспекциянын Каракол шаары, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондору боюнча башкармалыгына тиешелүү материалдар жөнөтүлдү.

Эске салсак, КР өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 410 токтому менен бекитилген Кыргызстандын сууларында эс алуу жана спорттук балык уулоо эрежелеринин 4-бөлүгүнүн 16-пунктуна ылайык, «Перемет» балык кармоого тыюу салынган түрлөрүнө кирет.

Перемет - ырайымсыз балыкты кармоо түрүнө кирип, алардын урук чачуусуна өзгөчө тоскоол болот. Түзүлүшү боюнча балык уулоочу көп илгичтери коюлган узун боо түрүндө. Бирок илгичтерге жем салынбайт. Анын жанынан өтүп бараткан балыктар капталдары менен курч илгичтерге илинип калышат. Мындай балык улоонун түрүнөн жабыркаган балыктардын ички түзүлүшү бузулуп чирип, ооруп өлөт.

Пикир

Оставить комментарий