• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК: «Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн жана лидерлеринин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Укук тартиби 0


Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. «Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн жана лидерлеринин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан кабарлашты.

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында тыюу салынган адабияттарды таратууга, ошондой эле жаш өспүрүмдөрдү мыйзамсыз иштерге тартууга аракеттенген «Хизб ут-Тахрир» жашыруун топторунун биринин жетекчилеринин жана активдүү мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Алардын кезектеги жыйынына чогулуу учурунда кылмышкерлерди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлүп, ал жыйынга катышкан жаш муунду өстүрүү жана окутуу боюнча экстремисттик «Хизб ут-Тахрир» идеологдору тарабынан аталган жыйынга дуушар болгон жашы жете элек өспүрүм балдардын тобу катышкандыгы аныкталды.

Кылмыштуу топтун башчысы коңшу мамлекеттердин биринин жараны болгон, ал кармалгандар менен бирге УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жашыруун уячалардын мүчөлөрүнүн жашаган жерлерин тинтүү учурунда, тыюу салынган көп сандагы адабияттар, жан ошондой эле электрондук алып жүрүүчүлөр табылып алынып, алар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

КР УКМК жарандардын тыюу салынган уюмдарга мүчөлүгү, ошондой эле жаш балдарды диний-экстремисттик жана башка кылмыштуу аракеттерге тартуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий