• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Денис Бердаков: ЕАЭ форумунда геосаясий маселелер дагы талкууланат

Коом 0


Бишкек, 24.05.22 /Кабар/. Ушул жумада Бишкекте Евразиялык экономикалык форуму өтөт, анын жүрүшүндө биримдикке кирген бардык өлкөлөрдөн адистер жана өлкө башчылары катышат. Форумда адистер санариптик өнүктүрүү, логистика, каржы рыногу жана башка бир катар маселелерге токтотулат. Жалпы 20 сессия өтөт.

Саясат таануучу Денис Бердаковдун айтымында, форум экономикалык экенине карабай, анда геосаясий маселелер дагы талкууланат. Ошондой эле адистер бардык аймакка таасир этип жаткан Россияга каршы санкцияларды дагы талкуулашат.

“Алдагы күндөрдө Бишкекте өтө турган ЕЭКтин форуму бул - жаңы экономикалык шарттарды кантип жашоо керек деген темадагы эксперттердин жолугушуусу. Мындай жолугушуулар туруктуу өткөрүлүп келет. Алдыдагы жолугушуунун башкы мотиви - ЕАЭБ экономикасынын олуттуу бөлүгү чоң зыян тарткан жаңы экономикалык кырдаалда кантип жашоо керек. Россия ЕАЭБ экономикасынын олуттуу бөлүгү катары дүйнөлүк экономикадан, накталай валюталарды алуудан жарым-жартылай ажыратылган. Анда ИДПнын олуттуу төмөндөөсү байкалууда. Бул ЕАЭБдин башка мүчөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга дагы өзүнүн таасирин тийгизет. Ага ылайык, форумдун негизги күн тартиби азыр эмне кылуу керек экенин талкуулоо. Негизги максат — эл керектөөчү товарлар менен туруктуу камсыз кылууну орнотуу. Батыш Европадан жана Япониядан келген жүктөрдүн бир бөлүгү азыр бөгөттөлгөн жана бул балким узак убакытка”, - деди саясат таануучу.

Бердаков экинчи пункту геосаясий маселелерди жалпы түшүнүүнү макулдашуу маселеси экенине көңүл бурду. “Жолугушуу экономикалык экенине карабастан азыр ЕАЭБдин ичинде олуттуу түшүнбөөчүлүктөр жана карама-каршылыктар пайда болду. Коомчулук, бизнес жана чиновниктер жакынкы пландарды түшүнбөй жатышат. Дайыма макулдашуу болуп турушу керек. Албетте, биз 5 мамлекет өз жолу менен бара жаткан абалда турабыз. Бул экономикага чоң таасирин тийгизет”, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий