• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерин өлтүрө сүзгөн айдоочу камалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Бишкекте "Тазалык" ишканасынын кызматкерин өлтүрө сүзгөн айдоочу камалды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча 312-беренеге ("Жол кыймылынын жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") ылайык кылмыш иши козголду.

Шектүү катары кармалган 1998-жылы туулган М.К. аттуу айдоочу Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Эске сала кетсек, 12-декабрда эртең менен Жибек-Жолу менен Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде "Тазалык" МИнын кызматкерин унаа сүзүп кеткен. Кызматкер кырсык катталган жерден көз жумган.

Бишкек шаардык мэриясы компенсация төлөп, маркумдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий