• 84.4
  • 93.45
  • 0.89

Араванда милиция кызматкерлерине заманбап технологиялык жабдыктар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Бүгүн Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу менен заманбап технологиялык каражаттар тапшырылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Араван районунун акими Сейтек Кулубаев 16 планшет, 3 жүздү таануучу камера жана 1 монитор, жалпы 1 млн 648 миң сомдук жабдыктарды берди.

Аталган каражаттар зарыл болгон жерлерге орнотулуп, аймактык тескөөчүлөр планшеттерге жашоочулар жөнүндө маалыматтарды киргизип, борбордук базага туташтырышат.

Эске салсак, буга чейин ИИМдин коллегиясында укук бузууларды, кылмыштуулукту алдын алууга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыздоого багытталган иштерди күчөтүү тапшырмалары коюлган.

Пикир

Оставить комментарий