• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Араванда мыйзамсыз берилген жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Араванда мыйзамсыз берилген жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык,Ош облустук прокуратурасы тарабынан соттук актылардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Араван райондук сотунун чечими менен Нур-Абад айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 1 га айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз түрдө Б.Б. аттуу жарандын жеке менчигине бекитилип берилгендиги жана бул соттук актынын негизинде "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Араван райондук филиалы тарабынан жогорудагы жарандын наамына жер тилке катталып, идентификациялык сан ыйгарылгандыгы аныкталган.

Прокуратура жер тилкени кайтаруу максатында апелляциялык сунуш келтирип, анын негизинде Араван райондук сотунун мыйзамсыз чечими жогорку соттук инстанцияларда жокко чыгарылып, 2 млн 500 миң сомго бааланган 1 га айыл чарба багытындагы жер тилкеси муниципалдык менчике кайтарылды.

Аталган факты боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий