• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Арча-Бешик конушуна 100 даана тянь-шань карагайынын көчөттөрү отургузулду

Коом 0

Бишкек, 25.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 25-февралда Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда 100 даана тянь-шань карагайынын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Токой кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көчөттөр Арча-Бешик конушунун Чортеков-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине отургузулду.

Белгиленгендей, көчөттөрдү сатып алууну “Альянс” акча алмаштыруу ассосациясы каржылаган.

"Ассоциация КР президенти тарабынан демилгеленген “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын жашылдандыруу иштерин улантуу максатында Чүй токой аңчылык чарбасынан 100 даана тянь-шань карагайынын көчөттөрүн сатып алып отургузду", - деп айтылат маалыматта

Пикир

Оставить комментарий