• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Арипов Кыргызстан менен өз ара алакаларды өнүктүрүүнү колдой тургандыктарын ырастады

Саясат 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов Кыргызстан менен өз ара алакаларды жана эки тараптуу пайдалуу өнөктөштүктү болушунча өнүктүрүүнү колдой тургандыктарын ырастады.

Арипов Ош шаарында өтүп жаткан Кыргызстан жана Өзбекстандын Чектеш облустарынын жетекчилер кеңешинин экинчи жыйынында сөз сүйлөп жатып билдиргендей, акыркы мезгилде туруктуу негиздеги жогору деңгээлдеги иш-чаралар эки өлкө үчүн тарыхый маанилүү жыйынтыктарга жана келишимдерге жетишүүгө шарт түздү.

«Тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары көрсөткөндөй, эки жактуу каалоо болсо, ар дайым өз ара алгылыктуу чечимдерди табуу мүмкүн», - деп баса көрсөттү Абдулла Арипов.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча жыйынтык протоколго жана соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча жол картасына кол коюлду.

Документтерге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов кол коюшту.

Жол картасына соода, өнөр жайда биргелешкен кооперация, каратин жана ветеринария тармагында кызматташуу, бажы процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, эл аралык кызматташуу жана башка маселелер кирген конкреттүү кадамдар жана мөөнөттөр камтылган.

Пикир

Оставить комментарий