Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-март - Бүткүл дүйнөлүк суу ресурстар күнү белгиленүүдө. Бул датага карата биз Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) “Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун инфраструктура боюнча инженери Уметов Балбак Уметович менен ушул күндүн мааниси, калкты суу менен камсыз кылуудагы долбоордун ишмердиги тууралуу маек курдук.
— Балбак Уметович, алгач Бүткүл дүйнөлүк суу ресурстарынын күнү тууралуу айтып берсеңиз? Анын маани-маңызы эмнеде?
Таза суунун маанилүүлүгүн белгилөө жана таза суу ресурстарын туруктуу пайдалануу боюнча маалымдуулукту жогорулатуу максатында жыл сайын 22-мартта Бүткүл дүйнөлүк суу ресурстарынын күнү белгиленет. Бул күн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан 1993-жылы жарыяланган.
Учурдан пайдаланып, мен мекендештерди Суу ресурстар күнү менен куттуктайм!
— Белгилүү болгондой, биздин өлкө суу ресурстарына бай. Бирок ага карабай, суунун таңсыктыгы орун алууда. Негизги ушул байлыктын түгөнүп калуу коркунучу канчалык?
Жер-жүзүнүн кыртышынын 70%ын туздуу суу каптап турат. Ал эми ичүүгө жарамдуу таза суунун көлөмү болгону 2,5% гана түзөт. Дүйнө калкынын жана өнөр жайдын тынымсыз өсүп жаткандыгына байланыштуу жыл сайын суулар булганып, анын көлөмү азайып жатат. Андыктан, дүйнөлүк суу кору түгөнгүс дегенге болбойт.
Кыргызстанда дагы бир топ суунун запастары бар. Мисалы, бизде дарыяларыбыздан жылына 50 млрд/м3 тегерегиндеги суу агат. Жер алдындагы суулар 13 млрд/м3 тегерегинде. Ал эми көлдөрдө 9 млрд/м3, мөңгүлөрдө 650 млрд/м3 тегерегинде суу байлыгыбыз бар.
Бирок буга карабастан, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, климаттын өзгөрүүсү, кышында кардын, жаз-күз айларында жаандын нормадан аз болушунан суу сактагычтарыбызда суу ойдогудай толбой, суу байлыктарынын азайышы байкалууда. Бул, өз кезегинде экономикага жана жалпы элдин жашоо-шартына терс таасирин тийгизүүдө.
Ал гана эмес, акыркы жылдары көп кайталана баштаган табигый кырсыктар менен социалдык алааматтардын дээрлик бардыгын илимпоздор суунун тартыштыгы менен байланыштырып жатышат.
— Белгилүү болгондой, АРИС суу менен камсыз кылуу боюнча бир нече долбоорлорду ишке ашырат. Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоору алардын ичинен эң ири долбоорлордун бири. Анын ишмердиги жөнүндө айтып берсеңиз?
Калктын суудагы муктаждыктарын канааттандыруу үчүн мамлекет бүткүл республика боюнча суу менен камсыз кылуу секторунда инвестициялык долбоорлордун үстүндө иштөөдө. Анын ичинде АРИС Бүткүл дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фондунун колдоосунда өлкөнүн бардык облустарын камтыган үч долбоорду ишке ашырууда.
Ал эми “Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоору тууралуу айта турган болсок, анын максаты - максаттуу коомчулуктарда суу менен камсыз кылуу жана санитария кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу, аталган секторлордо тиешелүү институттардын дараметин чыңдоо болуп саналат.
Долбоор Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын каржылоосунда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен АРИС тарабынан ишке ашырылат жана Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарын камтып, жалпы суммасы 62,68 млн. АКШ долларын түзөт.
Биз 2018-2021-жылдары 109 654 жашоочусу бар 45 айылды таза суу менен камсыз кылдык. Ал эми жалпысынан долбоордун алкагында 95 айыл, 208 миңден ашык адам таза сууга жеткиликтүүлүктү алат.
Мындан тышкары, долбоор максаттуу айылдарда суу менен камсыз кылуу системаларын куруудан тышкары, алардын туруктуулугун сактоо үчүн сектордун институционалдык дараметин чыңдоодо колдоо көрсөтөт. Бул үчүн ар бир айыл өкмөтүндө муниципалдык ишканалар түзүлүп жатат, алардын негизги максаты болуп айылдык аймактагы калкка, ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге ичүүчү сууну жабдуу жана саркынды суу тармактары боюнча кызматтарды көрсөтүү болуп саналат. Мындан тышкары, биз социалдык мекемелерде санитардык курулмаларды модернизациялоо, аларды жакшыртуу үчүн үй чарбаларына субсидияларды берүүнү ишке ашыруудабыз. Долбоордун адистери санитария жана гигиена маселелери боюнча максаттуу айылдардын тургундары үчүн тренингдерди өткөрүп, айылдын ден соолук комитеттери менен кызматташат.
— Адис катары айтсаңыз, калкты таза суу менен камсыз кылууда кандай орчундуу проблемалар бар?
Ушул таптагы башкы көйгөйлөрдүн бири – бул акыркы убакта өтө тездик менен курулуш материалдар баасынын өсүп жаткандыгы болууда.
Ошондой эле климаттын өзгөрүүсү, жер астындагы суулардын деңгээлинин төмөндөшү, булактардын кургашы, тоодон агып түшкөн дарыялардын көлөмүнүн азайышы – ушулардын баары жалпы экономикага гана эмес, биздин аткарып жаткан ишке дагы терс таасирин тийгизүүдө.
Айталы, жер астындагы суулардын деңгээли төмөндөп кетип жатат. Мындан улам, эгер мурда биз скважинадан 30 метр жерден суу алсак, азыр ошол эле жерден насосту 50 метрге чейин ылдыйлатышыбыз керек болуп жатат.
Мындан тышкары суу менен камсыз кылуу чөйрөсүндө адистердин жетишсиздиги курч болууда. Инженер, сантехниктер жетишпейт. Мындан улам, мисалы суу системасын эксплуатация кылуу үчүн таза суу боюнча муниципалдык ишканаларда тиешелүү адистер жетишпейт. Аларсыз система тиешелүү түрдө каралбай, убагында оңдоп-түзөлбөй, мөөнөтүнөн эрте жарактан чыгып калуу тобокелчилигине туш болууда.
Бирок бул кыйынчылыктарга карабастан, ишибизди урунттуу улантып жатабыз.
— Жогоруда дүйнө жүзүндө суу ресурстары азайып жатышы тууралуу сөз кылдык. Суу таңсыктыгынан сактануу үчүн кандай чараларды көрүшүбүз керек?
Туура, суу корунун азайышы ар-бирибизди ойлонто турган маселе. Биз сөзсүз түрдө сууга болгон мамилени өзгөртүп, ага аяр мамиле кылуубуз шарт.
“Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоордун алкагында биз суу системасын курган аймактагы ар бир үйгө суу эсептегичтерди орнотуп жатабыз. Бул, сууну үнөмдөөнүн бирден-бир жолу. Мурдагыдай сууну күнү-түнү агызып коймой жоголуп, аны орду менен пайдаланууга үйрөнүп жатабыз.
Пикир
Оставить комментарий