• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аламүдүндө милиция кызматкерлеринин жубайларына “Офицердин жубайы” медалы тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Нооруз майрамына карата үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нурланбек Эркинбаев РИИБ кызматкерлеринин жубайларына “Офицердин жубайы” медалын тапшырды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, РИИБ башчысы милиция кызматкерлеринин жумушуна түшүнүп, аларга ар дайым колдоо көрсөтүп келишкен жубайларынын эмгектерин баалап, өз учурунда сыйлыктарды тапшыруу жакшы көрүнүш экенин айтып, каалоо-тилектерин билдирди.

Ошондой эле кылмыштуулуктары жана башка мыйзам бузууларды алын алуу учурунда Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте жумуштарды алып барышкан Лебединовка айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарына Аламүдүн РИИБнин ардак грамоталары тапшырылды.

Жолугушууда КР президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын элге жеткирүү иштерин мындан ары да биргеликте тынымсыз жүргүзүлөрү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий