• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көл облустук милициясы 3 ай ичиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Кечээ, 21-апрелде Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында облустук милициянын I чейректеги аткарган иши боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга Ысык-Көл ОИИБдин бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Ыкчам кеңешмеде Ысык-Көл ОИИБдин 2022-жылдын 3 ай ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы каралды:

-2022-жылдын туристик сезондун ачылышына даярдык көрүсүү жана коомдук жайларга видеокөзөмөлдөө камераларын кою максатында мөөнөттөрү.

-Ысык-Көл ОИИБдин КИБдин уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү, туристерге карата кылмыш жана укук бузуу фактыларын алдын алуу, сууга түшүү эрежелерин сактоо боюнча иш алып баруусу, жергиликтүү жарандар тарабынан курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз сакталышы боюнча ишмердүүлүгүнүн абалы.

-Коомдук жайлардагы жасалган кылмыштуулуктун жана укук бузуунун абалы, кылмыштуулукту, анын ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, жаш өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыш жана укук бузуулардын алдын алуусу багытында жер-жерлердеги айылдык милиция бөлүмчөлөрдүн (АМБнын) жетекчилиги тарабынан аткарылып жаткан иш-чаралар жөнүндөгү маселелер.

Ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук тартипти сактоодо ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен кемчилиги бар айрым кызматкерлерге тартиптик жазалар берилди.

Андан тышкары, КР президентинин жарлыктарын, министрлер кабинетинин тескемелерин жана иш-мерчемдерин, мамлекеттик программаларды, ИИМдин коллегиясынын чечимдерин өз убагында аткарылуусу боюнча тапшырмалар коюлду.

Пикир

Оставить комментарий