• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда иш кагаздарын мамлекеттик тилде туура жүргүзүү боюнча окутуулар өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “Мамлекеттик тилге маанилүү камкордук” аталышындагы окутуу өтүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган окутуу “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде иш-кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү максатын көздөйт.

Окутууга Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, шаардагы мекеме-ишканалдын кызматкерлери, мугалимдер катышууда. Анда мамлекеттик тилде жазуу эрежелери, иш кагаздарын мамлекеттик тилде туура жүргүзүү боюнча маалыматтар берилип жатат.

Аталган окутуу "Ханнс Зайдель" фондунун колдоосу менен Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Тунугай Курбанова тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий