• 89.12
  • 95.1
  • 0.95

Аркадий Дубнов Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы келишимдин маанилүүлүгү жөнүндө айтып берди

Саясат 0

Саясат таануучу жана Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов “Настоящее время” порталына берген маегинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы келишимдин маанисине токтолду.

Эске салсак, ушул аптада Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимге кол коюшкан. Анда жалпы узундугу 302,29 километрди түзгөн чек ара линиясы, анын ичинде өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасынын 35 тилкеси аныкталган. Өзбекстанга ошондой эле Анжиян суу сактагычынын аймагынан 4,957 гектар жана плотинаны кароо жана тейлөө үчүн кошумча 19,5 гектар өтөт. Кыргызстан компенсация катары 1,019 миң гектар жайыт жерин алат.

"Мен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимге кол коюуну абдан позитивдүү деп баалайм. Бул окуя тарыхый мааниге ээ болгон окуя. Айрыкча көп жылдар бою жоюлбай келген карама-каршылыктар, амбициялар жана түшүнбөстүктөр болгон жерде. Менин түшүнүгүм боюнча, бул Борбор Азиядагы чек араларын так аныктап, мыйзамдаштырыла элек эки коңшу мамлекеттин ортосундагы акыркы көйгөйлөрдүн бири. Ооба, менин оюмча, өзгөчө кооптондурган бир гана чек ара калды – ал Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы бүгүнкү күндө мамлекеттер аралык чек ара болду, таанылды. Бул маанилүү окуя. Бул жерде мен Өзбекстандын президенти Мирзиёев менен макулмун – чындыгында, албетте, өзгөчө кыргыз тараптан, саясий эрки көрсөтүлдү.

Ошол эле учурда Кемпир-Абад келишимине кол коюуда нааразылык абдан жогорулагандыгын белгилебей коё албайм. Кыргызстанда бул нааразылык акцияларын басуу катаал болгонуна өкүнөм. Мен чындап эле жакынкы келечекте бул иш боюнча бардык камактагылар бошотулат деген үмүттөмүн, анткени антпесе бул дагы абалдын курчуп кетишине алып келет. Ал эми жалпысынан алганда бул негизсиз.

Каршы чыккандар, менимче, бул маселенин альтернативдүү жолун сунушташкан жок. Бирок олуттуу эч нерсе деле сунуштай алмак эмес. Чындыгында делимитацияланбаган чек аралар, суу чарба объектилери СССРден мураска калган, ал убакта ал баарына таандык болчу. Бирок экономика мындан ары жылыш үчүн бул маселени кандайдыр бир жол менен чечүү керек эле да. Ал эми нааразы болгондор үчүн эмне маанилүү? Мындайча айтканда кыргыз жеринин суу сактагычка берилиши, андан Кыргызстан да пайдаланалат да, же бербей коюп, эч кимге пайдасы тиймек эмес. Жер тилкесин бербей коюу же бакубат жашоо үчүн, Кыргызстан үчүн өтө маанилүү мамлекет кошуна менен жакшы мамиледе болуу?

Мени өкүндүргөнү - кыргыз нааразылык кыймылына мүнөздүү болгон бул нааразылык маанайларда конструктивизмдин аздыгы жана пиардын көптүгү.

Тажикстан менен да ушундай келишимге кол коюу маселеси боюнча мен оптимист боло албайм. Мен өз позициямды дагы бир жолу кайталайын: Душанбеде өлкөдөгү бардык процесстер, ошондой эле чек арадагы процесстер Эмомали Рахмондун жетекчилиги астында жүрүп турганда, чек ара маселесин эки тарапты тең канааттандырган чечим кабыл алынбайт деген ойдомун. Жакында мен Душанбеде өзүнүн позициясын жактаган документтери менен дагы бир жолу тааныштым жана бул маселени конструктивдүү жана биргелешип чечүүгө эч кандай даярдыгын көргөн жокмун. Тилекке каршы, бул конфликт жакынкы аралыкта чечилбей турганы анык”, - деп билдирди эксперт.

Булак: Kaktus.media

Пикир

Оставить комментарий